Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:55

Жалалабатта облустук бийлик имаратын атуулдар ээлеп алышты


ЖАЛАЛАБАТ. Облустук бийликтин имаратынын алдындагы митингди Кыргызстан элдик кыймылынын облустук бөлүмү уюштурду. Ага түшкө чейин миңден ашык адам катышып, автоунаалар менен жакынкы райондордон келген жарандар кошулууда. Митингчилер президент Аскар Акаевдин жана облустук, шаардык бийлик башчыларынын кызматтан кетишин, президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүнү, 13-марттагы шайлоонун мыйзам ченемдүү болушун талап кылышты. Алар бийликке нааразылык катары кызгылт сары түстөгү байрактарды көтөрүп, бийликти кетирүү үчүн кол топтоошорун билдиришти. Жаштар шаар көчөлөрүндө бийликке каршы ураан чакырып жүрүштү. Облустук бийлик шайлоонун таза өткөнүн белгилеп, митингчилердин талабын четке какты. Саат бир жарымда митингчилер облустук жана шаардык бийлик жайгашкан имаратка кирип барышты. Учурда 200дөй адам имараттын ичинде калууда.

XS
SM
MD
LG