Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:22

Сириянын президенти эртең парламентке кайрылат


Башар Асад өз сөзүндө региондогу азыркы туштагы саясий кырдаалга токтолот. АКШнын президенти Жорж Буш кечээ Сирияны Ливандан аскерлерин токтоосуз чыгарып кеткенге чакырды. Сирия бул тууралуу АКШ,Франция жана башка өлкөлөрдүн таасын-так чакырыгын угушу керек, деп айтты Буш. Сирия аскер контингенти менен кошо Ливандан чалгындоо кызматынын агенттерин да чыгарып кетүүгө тийиш. Бул чакырыкка Британия жана Сауд Арабия кошулду. Сириянын тышкы иштер министринин орунбасары Валид ал-Моалим ошол күнү Москвада орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугуп, жагдайды талкуулады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG