Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:03

МОЛДОВАДА ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛОО АЛДЫНДАГЫ КЫРДААЛ


Төрөкул Дооров, Прага Молдова республикасында ушул жекшембиде, 6-мартта, парламентке шайлоо өтөт. Оппозициялык күчтөр бул жолку шайлоо Украинадагы “салгылт ыңкылаптын” бир түрүнө окшош болот деген үмүттө. Молдовада президент парламент тарабынан шайланат. Андыктан, президент Владимир Ворониндин мындан ары да президенттик кызматта калуу мүмкүнчүлүктөрү кандай болоору дал ушул шайлоодон кийин анык болот.

Молдовадагы Коммунисттик партиянын лидери, президент Владимир Воронин өз партиясы парламенттеги көпчүлүк орунун сактап калса экен деп үмүттөнөт.

Партия азыркы парламенттеги 101 орундун 71ин ээлеп турат.

Москвадагы Эл аралык мамилелер институтунун аналитиги Кирил Коктишдин оюнда, Воронин бул жолку шайлоонун жыйынтыгында парламенттеги колдоосунун кайсыл бир бөлүгүнөн айрылып калышы да мүмкүн, бирок, ошол эле маалда, кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү жарата алчу атаандаштар да пайда болот дегенге анча ишене бербейт.

- Воронин бийликти өз колунда сактай ала тургандай. Анын шайлоодогу ийгилиги коом ага канчалык деңгээлде нааразылык билдире алаарына байланыштуу болот, - деген москвалык эксперттин оюнда, молдовалыктар жекшембидеги шайлоодо чоң нааразылык билдире алышы деле күмөндүү.

Ушул тапка карата коом пикирин билүү максатында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыктары көрсөткөндөй, шайлоодо Коммунисттик партия жалпы добуштардын жарымын алышы ыктымал. Ал эми эки оппозициячыл партиялар – Молдованын демократиялык блогу жана Элдик христиан демократтары – 15%дан добуш топтой алышы мүмкүн. Добуштардын 6%зынан көбүн ала алган партиялар гана Молдова парламентинен орун ала алышат.

Эгерде бул жолку добуш берүүдө коммунисттер жеңип чыгышса, өлкөнүн мындан аркы тышкы саясаты кандай болоору азырынча белгисиз.

Воронин президент катарында 2001-жылы шайланган. Анда ал Москва менен байланышты күчөтүүгө убада берип, орус тилин экинчи мамлекеттик тил деп жарыялады.

Анткен менен 2003-жылы ал Москваны Приднестровье проблемасын улам созуу аракетин көрүп жатат деп айыптап, ортодогы мамилелерди бузуп салгандай болду. Андан бери Воронин Европа биримдиги менен карым-катнашты күчөтүүгө дилгирлигин көрсөтүп келатат.

Саясий аналитик Коктиш Воронинди ошондон тарта Орусия менен Еврошаркеттин ортосунда каякка башын кошууну билбей жүргөндүгүн, андыктан ал же Москвадан, же Брюсселден колдоого муктаж болуп жатканын айтат.

- Воронин саясатчы катарында бир эле убакта бир канча көлчүктөргө олтурууга аракет кылды. Мында анын улуту анча деле мааниге ээ эмес. Андыктан, ал Евробиримдиктен да, Орусиядан да дурусураак колдоо ала албады, - дейт Коктиш, Москвадагы Эларалык мамилелер институтунун аналитиги.

Өз кезегинде, өлкөдөгү оппозиция мамлекетте былтыры Украинада болгондой, “саргылт ыңкылап” болот го деп үмүттөнөт. Бир партия саргылт бойокту өзүнүн түсү катарында алып алса, дагы бир негизги партиялардын бири сары түстү алды.

Ал эми президент Воронин болсо, коомдо “ыңкылапка” болгон аракеттерди басаңдатуу ниетинде акыркы күндөрү өзүн реформачы катарында көрсөтүп жатат. Ал өткөн жумада Киевде Украинанын президент Виктор Ющенко менен жолугушуп келди. Ошондой эле Грузиядагы “роза ыңкылабынын” лидери Михаил Саакашвили менен да сүйлөшкөн.

Азырынча айтылып жаткан айрым кабарларга караганда, Кремль коммунисттер менен атаандашып жаткан Молдованын демократиялык блогун колдоп калышы да ыктымал. Бирок Коктиштин оюнда, азырынча ким Кремлдин колдоосуна ээ болоору так дайын эмес.

Оппозиция коммунисттерди “бийликти кандай гана жолдор менен болбосун сактоого аракет кылып жатат” деп күнөөлөдү.

Анткен менен орусиялык эксперт молдовалык оппозициянын аракетинен майнап чыгаарына деле анчалык ишене бербейт.

- Эгерде Воронин Лукашенко сыяктуу диктатор болгондо, ага каршы күчтөр бириксе болмок. Бирок Воронин андай эмес. Андан сырткары, Молдова үчүн бир чоң аракеттин үстүнөн биригүү планы деле ишке ашпайт. Бирок бул үчүн коом Молдованыкыдай агрардык эмес, индустриалдык болушу керек, - дейт аналитик Кирилл Коктиш.

Молдовадагы шайлоого Батыш да өзгөчө кызыгуу менен көз салууда. Максат – анда ким жеңээрин билүү эле эмес, негизи эле добуш берүү процессинин кандай өтөөрүн көрүү.

АКШда сенатор Жон Маккейн Молдовадагы шайлоонун мыйзамга каршы жолдор менен өтүшү АКШ тарабынан терс кабыл алынаарын айтты.

XS
SM
MD
LG