Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:36

6-мартка аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Синоптиктердин шашылыш билдирүүсүнө караганда, 5 –мартта күндүн кескин жылышына байланыштуу Ош, Жалалабад облустарынын тоолуу аймактарында, Бишкек-Ош автожолунун 121ден-138чи жана 198ден-265чи чакырым аралыктарында көчкү жүрүшү күтүлөт.

6-мартта Кыргызстанда күн ачык болот.

Абанын температурасы:

ЧҮЙ өрөөнүндө түнкүсүн +2...+7, күндүз +17...+22 градус жылуу.
ТАЛАС дубанында түнкүсүн 0...+5, күндүз +16...+21 градуска жылыйт.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАД аймактарында түнкүсүн +3...+8, күндүз +17...+22 градус жылуу.
ЫСЫККӨЛ ойдуңунда түнкүсүн 0...- 5 градус суук, күндүз +5...+10 градус жылуу.
Тоолуу НАРЫНда түнкүсүн -8...-13 градус суук, күндүз +1...+6 градус жылуу.
БИШКЕК шаарында жаан-чачындын болушу күтүлбөйт, абанын температурасы түнкүсүн +5...+7, күндүз +20...+22 градуска жылуу болот.


Кабарларды Азиза Турдуева, Аманбек Жапаров жана облустагы кабарчылар даярдашты.

Редактор Чолпон Орозобекова

XS
SM
MD
LG