Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:30

Египеттен делегация келди


БИШКЕК. 5-мартта Бишкекте Экономиканы өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министри Амангелди Муралиев Египет Араб респбуликасынын тышкы иштер министринин орун басары Иззат Саад менен жолугушту. Жолугушууда эки тараптуу соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтык тууралуу сүйлөшүлдү. Бул тууралуу Экономиканы өнүктүрүү,өнөр жай жана соода министрлигинин тышкы байланыштар бөлүмүнөн билдиришти. Дүйшөмбүдө Иззат Саад Кыргызстандагы Ислам институтунун жамааты менен жолугушуусу болжолдонууда. Анда Египеттин диний окуу жайларында кыргыз жаштарын окутууну көбөйтүү, диний байланыштарды мамлекеттик деңгээлде чечүү маселеси каралаарын Ислам инсититутунун ректору Нематулла ажы “Азаттыкка” билдирди.

XS
SM
MD
LG