Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:41

Кыргызстан элдик кыймылы билдирүү таратты


БИШКЕК. Кыргызстан элдик кыймылынын сасяий кеңеши тараткан билдирүүдө “Атажурт” кыймылынын тең төрайымы Роза Отунбаевага карата жасалган террордук чабуулга терең нааразылык билдирилген. Өткөн жылы бийликтин жашыруун жана ачык өткөргөн отурумдары, күч структураларынын машыгуулары, тынч митингге чагым салуу, оппозиция лидерлерин сот жообуна тартуу, калкты так маалыматтан четтетүү маскатында “Азаттыкты” радио жыштыгынан алуу, “МСН” гезитине каршы сот иши, “Фридом Хауз” басмаканасына электр кубаттуулугун токтотуу өңдүү бийликтин аракеттерине нааразылык айтылат. Ошондой эле Кыргызстан элдик кыймылы бийлик тарабынан элди жана оппозицияны коркутуу максатында кысым көрсөтүшүнөн улам өлкөдө оор кырдаал түзүлгөндүгүн билдирген. Бийликтин атуулдарга моралдык жана күч колдонуп кысым көрсөтүүсүн токтотууну аталган кыймылдын саясий кеңеши талап кылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG