Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:38

Бүгүн Кыргызстанга коңшу өлкө - Кытайдын ордо шаарында Эл өкүлдөрүнүн бүткүл кытайлык жыйынынын (Кытай парламентинин) кезектеги жылдык отуруму башталды. Бээжиндеги жыйындын көңүл чордонунда ички саясий-экономикалык өнүгүү маселелеринен тышкары көз каранды эместикти сактап калууга умтулган Тайвандын маселеси да турууда.

Эл өкүлдөрүнүн бүткүл кытайлык жыйынынын жылдык отурумуна чогулган 3 миңдей делегаттын алдында чыгып сүйлөп, өлкөнүн өкмөт башчысы – Кытай Мамлекеттик кеңешинин премьери Вен Цзябао Тайван арал-мамлекети тууралуу да айрыкча токтолуп өттү.

Кытай премьеринин оюнча, Тайван бийлигинин аралдын көз каранды эместигин жарыялоосуна жолтоо кыла турган жикчиликке каршы мыйзам деп өзү атаган бээжиндик мыйзам долбоору өзгөчө алгылыктуу кадам болуп саналат:

- Жикчиликке каршы мыйзам долбоору сиздердин сынагыңыздар жана тастыкташыңыздар үчүн сунуш кылынмакчы. Бул мыйзам долбоору биздин эч өзгөрбөй ырааттуу жүргүзүп келген саясий мамилебизди толук чагылдырат... Бул мыйзам өлкөбүздүн эгемендигин жана аймактык бөлүнгүстүгүн көз карегиндей сактоого болгон жалпы кытай элинин каалоосун жана бекем берилгендигин айгинелейт. Мыйзам Тайвандын көз каранды эместиги үчүн умтулган жикчи күчтөрдүн Тайванды Кытайдан ар кандай аталыш же ар кандай ыкма менен бөлүп чыгуу аракетине эч качан жол бербейт.

Вен Цзябаонун сөзүн парламент мүчөлөрү кызуу кол чабуу менен коштоду.

Бирок Тайвандагы калайыктын бул маселе жаатында маанайы Бээжиндегиден башкача экени кабардалууда.

Арал узак жылдарга созулган атуулдук согуштан кийин, 1949-жылы Кытайдан бөлүнүп калган. Базар экономикасы жана демократия нугунда өнүгүп жаткан аралдын калкынын көпчүлүгү коммунисттик Кытайга кайра баш кошууга каршы болуп келет.

Ишембиде Тайвандын вице-президенти Анет Лү айым расмий Бээжин даярдаган мыйзам долбоорун кескин сынга алды. Лү айымдын оюнча, Бээжин учурда дүйнөдө эки башка Кытай бар экенин таанууга тийиш.

Ал эми март айынын 14үндө өз ишин аяктай турган Кытай парламенти өлкөнүн Коммунисттик партиясынын жетекчилиги сунуш кылган бул мыйзам долбоорун жактырбай койо албастыгы шексиз. Кытай парламенти коммунисттик жетекчиликтин мыйзам чыгаруу жаатындагы «чөнтөк бийлиги» катары кеңири маалым.
XS
SM
MD
LG