Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:53

Беш айлык барымта туткундан бошотулган италиялык журналист Жулиана Сгрена Римге кайтып келди


РИМ. Ирактагы беш айлык барымта туткундан бошотулган италиялык журналст Жулиана Сгрена Римге кайтып келди. Багдадда журналист кетип бараткан машинаны Америкалык солаттар жаңылыштыктан аткылашкан. Андан журналист жарадар болуП, Италиянын атайын кызматынын аны коштоп келаткан бир өкүлү курман болду. Маалыматтарга караганда, ал өз денеси менен журналист аялды калкалап калууга аракеттенген. Сгренанын бир тууганы Римдин аэропортуна буларды айтты:
Психикалык жактан алып караганда анын акыбалы дурус эле көрүндү, бирок кандай болсо да доктурларын пикирин күтүүбүз керек,-деди журналисттин бир тууганы.
Италиянын коомчулугу журналист бараткан машине эмне себептен аткыланганын АКШдан түшүндүрүп берүүсүн талап кылып жатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG