Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:51

ОБОНДОН БҮТКӨН ОТ ЖҮРӨКТҮҮ ЫРЧЫ


«Талант тагдыры» аттуу түрмөгүбүздө Кытайда жашаган кыргыздардан чыккан таанымал обончу-ырчы-аткаруучу Тукаш Жума уулунун жалпы чыгармачылыгы менен тааныштырабыз. Жакында эле Кытайга барып, Тукаш Жума уулуна жолугуп келген Топчубек Тургуналиевди кепке тарттык.

- Топчубек мырза, жакында ашуу ашып, ат артып, жол басып» дегендей Кытайда жашаган кыргыздарга барып, алардын жашоолору, маданий турмуштары менен таанышып, сый-сыпатын көрүп, таанымал шайрылары менен таанышып, ырларын, күүлөрүн угуп келдиңиз. Кыргыздар жашаган аймактарда, айылдарда, шаарларда клуб, театр, филормония шекилдүү маданий мекемелери бар бекен?

- Өзгөчө Текес, Кулжа, Улуучат, Актоо, Кызылсуу аймактарында жашаган кыргыздарда клубдар, филармония бар. Тилекке каршы опера жана балет театрлары жок. Ошондой болсо да адистештирилген жогорку профессионалдык деңгээлдеги ар кандай топтор, өздүк көркөм чыгармачылыгы абдан күчтүү өнүгүптүр.

- Кызылсуунун Улуу чатынын Тегирменти айылынан чыккан 48 жаштагы ырчы-обончу Тукаш Жума уулу менен кайсыл айылдан кандай шартта таанышып калдыңыз? Сизге Тукаштын аткаруучулук чеберчилиги жактыбы?

- Менин тун кызым Равшан ата-энелери 1914-жылы Ысыккөлдүн районунун Шаты айылынан Кытай жергесине көчүп кеткен генерал Шаршенбек Сыдыковдун уулуна турмушка чыккан. Кызым менен күйөө баламдын чакыруусу менен Кызылсууга бардым. Үрүмчүдөгү кыргыз интеллигенцияларынын бүт бардыгы абдан ынтымактуу экен. Күнүгө эки-үч киши конокко чакырып турду. Баардык жерде кыргыздардын жарпын жазып, көңүлүн курсант кылып турган булбул үндүү Тукаш Жума уулу менен тааныштым. Ал ар бир жылы жок дегенде эки-үч жолу Улуучак, Актоо, Ыртыш, Жыртышта жашаган кыргыздарга барып, жаңы ырларын тартуулап турат экен. Тукаш Жуманын чыгармачылыгын айтсам, биринчиден, Кудай ага булбул сыңары тунук, мукамдуу үндү бериптир. Бергенде да биздин маркум Рыспай Абдыкадыровдун үнүнө ушунчалык окшош экен. Айрыкча үнүнүн сапаты, мукамдыгы, аткаруучулук чеберчилиги жагынан да биздин Рыспайдан кем эмес экен.

- Топчубек мырза, кебибиз супсак, кургак болбос үчүн кезекти Тукаштын «Кош жүрөк» аттуу ырынын үзүндүсүнө берейин.
Таалайлуу элге сырдашып,
Таң кечке жүрсөк бир басып,
Тарыхкка калса атыбыз,
Тартынбай сүйүү ырдашып
Тарыхта калса атыбыз
Тартулап, тартуулап сүйүү ырларын ырдашып,
Тартылуу менен ай болуп,
Таңыбыз атса жай болуп,
Калтырсак сүйүү баарына,
Таалайдын өзүнө шай болуп
Калтырсак сүйүү балына
Таалайлуу таалайлуу күнгө шай болуп.


-Тукашты далай жолу уктум. Өзүн көрдүм. Ал ырдап атканда ушунчалык эргип илхам келип, ушунчалык жадырап-жайнап турган жүзү менен кошо ырдап жаткан ыры айкалышып, өзүнө шак тартып алган жылдыздуулугу мени аябай таң калтырды. Дагы бир Тукаштын артыкчылыгы ырларынын көпчүлүгү махабат, эл, жер, атамекен жөнүндө, кыргызды бөлбөй-жарбай Кытайдагы кыргыздар менен Алатоолук кыргызстандыктарды бириктирип ырдайт экен.

- Топчубек мырза Тукаш кыргыздын залкар обончуларынын чыгармаларынан да аткарат бекен?

- Тукаш жалаң эле өзү чыгарган ырларды гана ырдабастан, атактуу Мусанын ырларын да аткарат экен. Ошону менен бирге Рыспайдын жана Кыргызстандагы таанымал обончулардын да ырларын да өтө берилип эргип ырдап, Кытайда жашаган кыргыздарга кеңири жайылткан экен.

- Кезек Муса Баетовдун «Сагынам» аттуу ырынын эки шингилинде. Аткаруучу Тукаш Жума уулу.

- Сагынам (гана) сени ойлонуп,
Санадым (гана) эстеп кадырың.
Кайсы эле (гана) күнү өчүрөм,
Жүрөктүн (гана) күйгөн жалынын, жалынын.

Аттандым (гана) алыс эртеси,
Алтыным (гана) мында келсечи,
Айылында (гана) жүрөт булбулу,
Акындын (гана) сүйгөн эркеси, эркеси.

Тукаш Жума уулу Үрүмчүдөгү көркөм институтун бүтүргөн жогорку билимдүү музыкант. Аккордиондун атасын тааныта тартат. Анын бүтүндөй чыгармачылыгы ырдалып да, жазылып да бүтпөгөн махабат ырларына арналган. Автордун «Кайдасың картайбаган махабатым», «Кош жүрөк», «Азгырба сүйүү», «Сүйүүнүн өчпөс дастаны», «Сагынтпа жаным» аттуу жана башка ашыктык ырлары обондорунун жетекчилдиги, мукамдуулугу, уккандардын жүрөк отун албырткан аваздуулугу менен айырмаланат. Ушундан улам жердештери Тукашты «Обондон бүткөн от жүрөктүү шайыр» дешип, сыймыктанышат экен.
XS
SM
MD
LG