Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:29

Аксыда майрам болду


БИШКЕК. 5-мартта Аксы районунун Каражыгач айлында Азимбек Бекназаровдун Жогорку Кеңештин депутаттыгына биринчи турда шайланышына байланыштуу жалпы элдик майрамдоо болуп өттү. Бул тууралуу Аксыдан жаштардын «Келечек» уюму 6-мартта кабарлады. Маалыматка караганда майрамдоого 10 миңдей адам катышып, 27 боз үй тигилди. Куттуктоо сөз менен Аксы район акиминин орун басары Жалил Тойматов, айыл өкмөт башчылары, калайыктын өкүлдөрү сөз сүйлөшкөн. Бекназаров өз сөзүндө ишеним көрсөткөнү үчүн элге, акыйкат шайлоо өткөрүү аракети үчүн жергиликтүү бийликке ыраазычылык билдирген. Бекназаров ошондой эле экинчи турга чыккан 11 оппозициялык талапкерге ийгилик каалады.

XS
SM
MD
LG