Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:22

Б.Мариповдун өкүлдөрүнө кысым болууда


БИШКЕК. №1Университет шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Болотбек Мариповдун ыктыярдуу үгүтчүлөрү Төлөбай уулу Галымжан, Эдилбек Биджанов, Софи Өмүралиева, Тажибай Абдашев, Гүлайым Акматылдаева, Кайыргүл Искенова, Таалайкүл Сыдыкова, Бурулуш Жээнбаева Башкы прокуратурага, Улуттук коопсуздук кызматына, Борбордук шайлоо комиссиясына жана эл аралык байкоочуларга арыз менен кайрылышты. Анда үгүт материалдарын таратуу учурунда белгисиз адамдар тарабынан кысымга алынып, коркутуп –үркүтүүгө кабылганы жана үгүт материалдарын зордук менен тартып алынганы билдирилген. Арыз ээлери кысым көрсөткөн атуулдардын кандай машинада жүргөнүн, даректүү штабдары бар экенин маалымдашкан. Үгүттөөчүлөрүнүн кысымга алынышына байланыштуу талапкер Болотбек Марипов да жогоруда аталган органдарга, уюмдарга арыз жолдоду. Анда үгүттөөчүлөргө кол салуу, аларды тоноо бардык жерде окшош түрдө болуп жатканын айтып, бир катар мисалдарды келтирген. "Биздин арыздар өз убагында каралып, тийиштүү чаралар көрүлөт деп үмүттөнөм. Эгерде андай болбосо ал шайлоонун жыйынтыгына түздөн түз таасирин тийгизет" деп белгилеген Болотбек Марипов. №1 Университет шайлоо округу боюнча Марипов менен президенттин кызы Бермет Акаева ат салышууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG