Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:04

И.Кадырбеков шайлоодон четтетилди


БИШКЕК. 5-мартта кечинде №33 Нарын округдук шайлоо комиссиясы талапкер Ишенбай Кадырбековдун катталуусун жокко чыгарды. Бул тууралуу Кадырбеков 6-мартта «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, ал округдук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгаруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылды. Кадырбековдун катталуусун жокко чыгарууга анын өкүлүнүн «МСН» гезитин коргоого байланыштуу жыйында сөз сүйлөшү себеп болгон. Борбордук шайлоо комиссиясы №33 Нарын шайлоо округундагы кырдаалды 7-марттагы отурумунда карамакчы. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты. 6-мартта Кадырбековдун шайлоочулары Бишкек-Торугарт жолун жабышып, Нарын шаарында митинг өткөрүштү. Нааразылык акциясына чыккан эл Нарын облусунун губернатору Шамшыбек Медетбековду жана Нарын районунун акими Ырысбек Шалтаевди мейман-тутканга алышканын жарыялашты. Акыркы маалыматтар боюнча, губернаторду эл бошотуп жибергенден кийин ал Нарын шаарына келди.

XS
SM
MD
LG