Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:06

Италиянын прокуратурасы Ирактагы окуя боюнча тергөө ишин баштады


Италиянын прокуратурасы Иракта алардын атайын кызматтынын өкүлү Николи Калипаринин кокустуктан америкалык аскерлердин огунан мерт болушу боюнча тергөө баштады. Николи Калипари ушул жума күнү ал жана Иракта барымтадан бошотулган журналист Жулиана Сгрена кетип бара жаткан автомашина америкалык аскерлер тарабынан аткыланганда каза тапкан эле. Журналист Жулиана Сгрена акырегинен жаракат алып, Николи Калипари аны өз денеси менен жаап калууга үлгүргөн. Учурда Римде дарыланып жаткан Сгрена америкалык аскерлердин алар кетип бараткан машина көзөмөл бекетте токтобой койгон деген маалыматын төгүндөөдө. АКШ бийликтери өз тарабынан окуя кылдат иликтенерин убада кылды.

XS
SM
MD
LG