Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:51

МОЛДОВАДА ТҮСТҮҮ ТӨҢКӨРҮШ КҮТҮЛБӨЙТ


Жаңыл Жусубжан, Прага шаары Молдовада бүгүн парламенттик шайлоо өткөрүлдү. Анын жыйынтыгында парламентте басымдуу көпчүлүккө ээ болгон Коммунисттик партиянын тагдыры таразага коюлууда. Бирок Украина менен Грузиядагы өзгөрүшкө таасирленип, оппозиция сары-кызгылт түстөгү байрак астында үгүт жүргүзгөн өлкөдө коммунисттер бийлигин сактап калат деп күтүлүп жатат.

Жекшмбиде Молдовада жаан жаап турду. Эртең менен баш калаа Кишиневдо шайлоо ыкшоо башталды.

«Азаттыктын» Молдовадагы кабарчысы Серги Прапорскис Кахула шаарында да шайлоочулардын активдүүлүгү төмөн экендигин бышыктады:

– Кахуладагы райондук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, добуш берүүнүн алгачкы эки саатында тизмедегилердин 10 пайыздан азы келди.

Шайлоо өттү деп саналышы үчүн ага шайлоочулардын аз дегенде 50 пайызы катышышы керек. Молдовада президентти парламент шайлайт. Аналитиктердин болжолунда, Коммунисттик партияны жетектеген президент Владимир Воронин бийлигин сактап калат. Коммунисттер бүгүн парламенттеги 101 орундун 71ин ээлеп турушат. Жекшембинин алдында жүргүзүлгөн сурамжылоо коммунисттерди шайлоочулардын үчтөн экиси колдой тургандыгын көрсөткөн. Молдовада 2 миллион 300 миң киши добуш берүүгө укуктуу.

Президент Воронин төрт жыл мурда Молдованын Маскөө менен алакасын оңойм деген убада менен шайланган эле. Бирок бүгүн ал жикчил Днестр жумуриятын колдогон Кремль Молдовага коркунуч келтирет деп эсептейт. Орусия өз кезегинде Кишиневду 1990-жылы өз алдынчалык жарыялаган Днестр боюнча жаңжалды жөнгө салууну артка тартат деп күнөөлөп келет.

Соңку кезде Ворониндин батышчыл жетекчилер бийликке келген Украина менен Грузияга жакындаша баштаганы да Маскөөнүн тынчын кетирди. Маскөө Молдовада шайлоого байкоо жүргүзгөнү келген 20 орусиялыктын өлкөдөн чыгарылышын айыптаган. Воронин бул байкоочуларды "тыңчылар" деп эсептейт. Дагы 100 чакты орус атуулу эки-үч күндөн бери Молдовага кире албай жатышканын орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Ошого карабастан Воронин «Орусия менен чатагыбыз жок» дейт. Ал Днестр жумуриятындагы 1200 орус аскери чыгарылса эле, ортодо эч кандай чатак болбойт деп айткан. Молдованын экономикасы өсүп жатканы менен, көптөгөн көз карандысыз байкоочулар бул өсүш негизинен чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн молдова атуулдары жиберген акчанын эсебинен болуп жатат деп эсептешет.

Молдова Чыгыш Европанын эң жарды өлкөлөрүнүн бири, ушундан улам, жарым миллиондой киши чет өлкөлөргө иш издеп кетишкен. Молдовалык кыз-келиндер Батыш Европанын секс-индустриясына кеңири тартылган.

Оппозициядагылар бийликтеги коммунисттер демократияны түшүнбөйт да, көзүнө илбейт, ошондуктан шайлоонун жыйынтыгын өз кызыкчылыгында бурмалашат деп ырасташууда. Алардын ичинен борборчул турумдагы Демократиялык Молдова блогу Маскөө менен да, Батыш менен да жылуу мамиледе. Дагы бир борборчул-оңчул Христиан демократиялык партия молдовандар менен түбү бир Румынияга жан тартканы менен белгилүү.

Молдованын саясий оппозициясы сары жана кызгылт түстүү байрактар менен чыгышууда. Бул түстөр коңшулаш Украина менен жакында оппозиция бийликке келген Румыниянын реформачыл күчтөрүнүн түсү.

Америка Кошмо Штаттары жана Европа Биримдиги Молдовадагы шайлоо өнөктүгү тушунда маалымат каражаттарынын чектелишине кабатырлануу билдиришкен. Коңшулаш Румыния менен катар Батыш шайлоону акыйкат жана таза өткөрүүгө чакырууда.

XS
SM
MD
LG