Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:21

ЭМИ №1 УНИВЕРСИТЕТ ШАЙЛОО ЧӨЛКӨМҮНДӨ КЫРДААЛ КУРЧУУДА


№1 Университет шайлоо аймагынан депутаттыкка талапкер Болотбек Мариповдун ишенимдүү өкүлү Айбек Чокушев 7-март күнү маалымат жыйынын өткөрдү. Анда аталган шайлоо чөлкөмүнөн экинчи айлампага чыккан Болотбек Мариповго үгүт иштерин жүргүзүүгө ар кандай жолдор менен бут тосуулар болуп жаткандыгы тууралуу айтылды. Айбек Чокушевдин сөзү боюнча, №1 шайлоо аймагында үгүт иштерин жүргүзүү мезгилинде белгисиз адамдар күч колдонуп, Болотбек Мариповдун өкүлдөрүнүн үгүт материалдарын тартып алышкан.

Жакында эле болуп өткөн парламенттик шайлоодо №1 Университет шайлоо аймагынан депутаттыкка ат салышкан 5 талапкерден экинчи айлампага Бермет Акаева менен Болотбек Марипов чыгышкан. Шайлоо кодексине ылайык 13-мартта болуучу экинчи айлампага чейин талапкерлер өз шайлоо аймагында үгүт иштерин жүргүзүүгө акылуу. Депутаттыкка талапкер Болотбек Мариповдун ишенимдүү өкүлү Айбек Чокушевдин берген маалыматы боюнча, үгүт иштерин жүргүзүү мезгилинде белгисиз адамдар тарабынан ачык кысым көрсөтүүлөр болуп жатат:

- Жаш жигиттер автоунаалар менен келип, талапкердин үгүт баракчалары салынган баштыктарды, гезиттерди үгүтчүлөрдүн колунан тартып алып, ошол эле учурда кол көтөрүүгө чейин барып жатышат. Биздин үгүтчүлөр негизинен улгайып калган аялдар менен студенттер. 6-март күнү белгисиз үч жигит биздин талапкердин шайлоо штабынын жанынан үгүтчү болуп жүргөн студентти сабап кетишти.

Айбек Чокушев үгүтчүлөрдүн колунан гезит-журналдарды жана баракчаларды коркутуп-үркүтүп алып коюп жатышкан адамдардын ичинде «Түндүк электро» акционердик коомунун жумушчулары да бар экендиги аныкталды деген сөзүн айтты:

- 6-март күнү Бишкек шаарындагы Жумушчулар шаарчасында да үгүтчүлөргө көп күч колдонуу болду. Ал жерге биздин талапкерлерди көп күндөн бери куугунтуктап, артынан калбай аңдып жүргөн кишилер мамлекеттик номерлери бизге белгилүү болуп калган автоунаалар менен келишип, күч колдонушкан. Биз ал жерге барганыбызда бул адамдарын көпчүлүгү “Бишкек электр кубатын таркатуу” ишканасынын текшерүүчүлөрү жана инспекторлору экендиги аныкталды.

Бирок бул сөздү андан кийин маалымат жыйынын өткөргөн «Түндүк электро» акционердик коомунун жетекчиси Сапарбек Балкыбеков четке какты. Анын айтымында аталган ишкананын эч бир жумушчусу шайлоо кампаниясына тартылган эмес:

- Биздин мекеменин кызматкерлери шайлоо кампаниясында иштесин деген буйрук жок. Ошондуктан бул туура эмес маалымат. Биздин кызматкерлер өз кызматын аткарып жүрүшөт. Анткени азыр жагылган электр кубаты үчүн эсептерди чыгарып, төлөмдөрдү төлөөгө убакыт келди.

Бирок коомчулукта №1 университет шайлоо аймагынан депутаттыкка ат салышып жатышкан талапкерлердин айланасында болуп жаткан мындай баш-аламандыктар кайсы бир талапкердин кызыкчылыгы үчүн атайын жасалууда деген ойлор да жок эмес. Мурунку элчи Мамбетжунус Абылов ушундай пикирде экендигин билдирди:

- №1 Университет шайлоо аймагындагы мындай баш-аламандыктар, бут тосуулар тууралуу канча айтылганы менен аймактык же Борбордук шайлоо комиссиялары, сот органдарынан эч кандай чара көрүлгөн жок. Бул деген - түздөн-түз бир үй-бүлөнүн кызыкчылыгы үчүн гана атайын жасалып жаткан иш-чара.

Ал эми №57 Кемин шайлоо аймагынан депутаттыкка талапкер болуп, өтпөй калган Жыпар Жекшеевдин ою боюнча, мындай баш-аламандыкты өзүнө ылым санаган талапкерди өткөрүү максатында бийлик атайын жасап жатат:

- Эгер мен №57 Кемин шайлоо аймагынан президенттин уулу Айдар Акаев менен бирге парламентке ат салышпаганымда, Акаевдин балдары эмнеге жөндөмдүү экендигин билбейт болчумун жана унчукпай эле коймокмун. Мен бул жерде дагы бийлик административдик башкаруу күчүн, коркутуп-үркүтүү ыкмаларын колдонгон абийирсиз бир иш ыкмасын колдонуп жатат деп ойлойм.

№1 Университет шайлоо аймагынан депутаттыкка талапкер Болотбек Мариповдун ишенимдүү өкүлү Айбек Чокушевдин маалыматы боюнча запкы жеген үгүтчүлөрдүн атынан 10 арыз Кыргызстандын башкы прокуратурасына, ИИМге жөнөтүлдү. Бирок андан азырынча эч кандай жыйынтык чыга элек.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG