Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:39

АУКЦИОН ЖАНА "АЗАТТЫК" ҮНАЛГЫСЫ


Телерадио берүүлөрдү алып уктуруучу республикалык өндүрүштүк бирикменин жетекчиси Кубанычбек Бегалиев 10-мартка белгиленген радио жыштыктардын ачык аукцион-соодасынын шарттары менен 7-мартта журналисттерди тааныштырды. Анын айтымында, «Азаттык» радиосунун атынан Чет элдик уктуруулар бюросу (BBG) өткөн айда ультра кыска жана орто толкундар үчүн арыз менен кайрылуу ниетин билдирген, бирок аукционго катышышы арсар.

Кубанычбек Бегалиевдин айтымында, радио жыштыктардын эки диапозонунда - ультра кыска толкундагы (UKW) 66 – 74 мегагерц жыштыгында - негизинен улуттук радионун эки каналы обого чыгарылып, ушул эле толкунда буга чейин «Азаттык» үналгысы да уктурулуп келген.

Европа стандартындагы FM 88 – 108 мегагерц жыштыгында ушу тапта өлкөдө 21 радио обого чыгып келатат.

Республикалык өндүрүштүк бирикме ушул жылдын башында ультра кыска толкундагы (UKW) радио жыштыктарды ачык аукционго койо турганын жарыялаган. Ага негизденип бирикме 24-февралдан тартып «Азаттык» радиосун орто (MW) жана ультра кыска толкунда (UKW) алып берүүнү токтоткон.

Өндүрүштүк бирикме кызмат көрсөтүүнүн баасын дагы көтөрүү ниетин ачыкка чыгарган. Анын себебин Кубанычбек Бегалиев эскилиги жеткен жабдууларды оңдоп-түзөөгө байланыштуу деп түшүндүрөт:

- (АКШнын) Чет элдик уктуруулар бюросу (IBB) менен түзүлгөн келишимди 31-январда эле токтотушубуз керек эле. «Азаттыктын» өкүлү мага телефон чалып, берүүлөрдү уктуруп турууну дагы узартуу өтүнүчү менен кайрылган. Мен ага макул деп жооп бергениме алигиче өкүнөм. Мен алгач 18-февралга чейин күттүм. 24-февралга чейин дешти. Ага чейин да өтүнүч келбеди.

Буга чейин «Азаттык» радиосунун обого чыгышын камсыз кылуучу Чет элдик уктуруулар бюросу Телерадио берүүлөрдү алып уктуруучу республикалык өндүрүштүк бирикмеге жыл сайын 221 миң доллар акча төлөп келген. Бирикменин айрым адистеринин маалымдашынча, ал мындай ири көлөмдөгү акча каражатын жергиликтүү эч бир компаниядан алчу эмес. Бирок өндүрүштүк бирикмеге бул акча аз сезиле баштады.

- "Эмнеликтен жетиштүү акчаны чанып атасыңар?" дешет. Убагында төлөп турушту. Бирок 221 миң доллар акча аз, абыдан эле аз. Бул акчанын жарымы - 104 миңи ультра кыска толкундагы жыштыктарды алып уктуруучу 12 станцияга, калган 117 миңи Бишкектен Чүй өрөөнүнө орто толкунда уктурулчу жабдууларга кетчү, - дейт К.Бегалиев.

Анын айтымында, «Азаттык» чыгып келген жыштыктарды ээлөөгө 6 гана компания кызыкты, анын арасында «Азаттыктын» өзү жок. Айрым серепчилердин жоромолунда, бул аукциондун өзү тек гана "Азаттык" үналгысын сүрүп чыгарууну актоо үчүн жасалып жаткан жана ишкер чөйрөлөрүн кирешеси менен кызыктырбаган курулай иш-чара.

Бегалиев мырза айрым фирмалар аукционго "жөн гана катышып жатат" деген маанайын кабарчылардан бүгүнкү маалымат жыйынында өзү деле жашырган жок:

- Логикалык жагынан алганда, алардын баарынын катышышы күмөн. Кимдир-бирөөлөр тек, жөнеле катышабыз деп коюшкан. Эми эки вариант бар. Биринчиси, эларалык компанияларга чыгып, аукционду өткөрүүнү кийинкиге жылдыруу. Экинчи жолу - радио жыштыктардын бул толкунун жоюп, жабдууларды жыйнап алыш керек , - дейт К.Бегалиев.

Жергиликтүү адистердин, алардын ичинде сөзгө алынып жаткан бирикменин атын атагысы келбеген айрым кызматкерлеринин айтымында, ошентип, аукцион кандайча натыйжа менен аяктаары, өндүрүштүк бирикменин ультра кыска толкун (UKW) жана орто толкундагы (MW) радио берүүлөрдү жайылтуудагы кызмат акысын кымбаттатуу аракетинен майнап чыгаар-чыкпасы азырынча белгисиз.

А бирок 24-февралдан бери ультра кыска (UKW), орто толкунда (MW) «Азаттык» үналгысынын угулбай калышына миңдеген угармандар нааразы.

- Эмне үчүн «Азаттык» радиосу өчүрүлөт, себеби эмне? Муну өчүрбөш керек эле.

- Бул аркылуу кыргыз бийлиги кыргыз үнүн өчүрүп жатат. Ошондуктан биз буга нааразыбыз.

- «Азаттыктын» чыкпай калганын угуп, бири-бирибизге телефон чалып, эмне кылышты билбей отурабыз, - дешет радиого телефон чалгандар.

Кыргызстандагы бир катар саясий күчтөр жана укук коргоочулар парламенттик шайлоонун ирегесинде "Азаттыктын" уктурулбай калышын саясий себептер менен байланыштырууда. К.Бегалиевдин оюнча, мындай саясий себептер деле жок.

Ушул тапта "Азаттык" үналгысынын берүүлөрү "Алмаз" радиосунун толкунунда (FM жыштыгында) жана бүт дүйнө жүзү боюнча кыска толкундарда уктурулуп келет.

Совет доорунда мурдагы коммунисттик режимдин "Азаттыктын" кыска толкундардагы (SW) берүүлөрүн уктурбай коюу аракетинен майнап чыккан эмес.

Кыргызстанда "Азаттык" эгемендик доорунун алгачкы баскычынан (1992-жылдан) тартып эле орто толкунга (MW) чыгып, ал эми бүткүл өлкө аймагы боюнча былтыртан тартып ультра кыска толкунда (UKW) чыгып келген. Дал ушул жагдай Кыргызстанды аймактагы башка өлкөлөрдөн кескин айырмалап келген.
XS
SM
MD
LG