Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:19

ЖАЛАЛАБАТТАГЫ МИТИНГ, ЭЛДИН ТАЛАБЫ, КЫЗ-КЕЛИНДЕР МАЙРАМЫ


8-марттагы “Аалам” жана “ Агым” гезиттери парламенттик шайлоонун экинчи айлампасына даярдыктар, Жалалабаттагы митинг, кыз-келиндердин жаз майрамы тууралуу макалаларга орун берди.

8-марттагы “Агым” гезитинде кабарчы Нурлан Айтбаевдин “Таза деп коюп, тепсеп кетет го?” макаласы жарыяланып, анда президент Аскар Акаевдин беш бөлүктөн турган “Таза Кыргызстан” программасы тууралуу сөз жүрөт. “Таза шайлоо” бөлүгү бийлик тарабынан Кочкор, Тоң, Бакайата округдарында жана Жалалабат, Ош облустардында кандай ыкмалар менен өткөрүлгөнү талдоого алынат.

Ошондой эле №1 Университет округундагы 2-айлампага чыккан талапкерлерге байланыштуу чыр-чатактар жөнүндө сөз болот. “Агымда” журналист Мамат Сабыровдун “Ооруну жашырсаң...” деген макаласында Жалалабаттагы митинг тууралуу президенттин администрация жетекчисинин орун басары Болот Жанузаковдун пикири жана КТРдын “Жетиген” программасы тууралуу кеп кылат.

“Болот Жанузаков адатынча шайлоонун биринчи турунан утулуп калгандар элди уюштуруп, акча төлөп митинг өткөрүп атат, эркекче утула билиш керек деп, акыл айтат. Жалалабаттады окуялар, митингди кимдер уюштуруп, эл эмнени талап кылып атканы жөнүндө бир да сөз жок. Эгер кандайдыр бир кезде бийлик алмашып, азыркы аткаминерлер элдин, мамлекеттин алдында кылган күнөөлөрү үчүн жооп берчү кез келсе, Болот Жанузаков эң ириде такай так эмес маалымат таратып, элди адаштырганы үчүн жооп берет болуш керек” деп жазат “Агым” басылмасында Мамат Сабыров.

Андан ары КРТдан Жылкыбаев деген “дүжүр” аксакал Аскар Акаевди аябай мактап жатып, бир жеринде айлакер деп ийгенин өзү да байкабай калганын, мындай сөздөр КТРдын цензорлору тарабынан кесилбей кетип калганын айтат, автор.

“Ошондой эле Жалалабаттагы, Нарындагы окуялар Акүйдүн түркөй саясатынын натыйжасы, бийликтин өкүмзордугуна элдин табийгый реакциясы. Эгерде митингге чыгуунун арты жаман окуялар менен бүтчү болсо, буга биринчи кезекте бийлик күнөөлүү болот” деп жазат “Агым” гезитинде Мамат Сабыров.

Ушул эле “Агымдын” кабарчы Жеңишбек Эдигеев “Эрайдоочу” адам укугун коргоо бейөкмөт уюмунун жетекчиси Качкын Булатов менен маектеше. Анда Кочкордогу шайлоонун жүрүшүнө облустун губернатору, райондун акими кийлигишип, мыйзам бузуулар болгонун, укук коргоочуларды, байкоочуларды бийлик өкүлдөрү коркутканы, эл “Кызыл көпүрөдөн” жолду бууйбуз деп жатышканы тууралуу кеп болот.

Ушул эле басылмада дагы кандай мазмундагы макалаларга орун берилгенин жооптуу катчы Гүласина Каленова айтып берди:

- Жогорку Кеңешке депутаттыкка ат салышуунун биринчи айлампасы тууралуу адистердин, байкоочулардын жана шайлоочулардын пикирлери, шайлоонун “шайтан оюндары”, Жалалабаттагы митинг, Ысыккөл облусунун губернатору Токон Шайлиеванын бийликтен кетиши талап кылган шайлоочулардын кайрылуусу жарыяланды. Бүгүнкү күн кыз- келиндердин майрамы болгондуктан, аялзатынын жашоодогу, үйдөгү жана коомдогу орду тууралуу түрдүү пикирлер, акын кыз- келиндердин чыгармаларына орун берилди.

8-марттагы “Аалам” гезитинде журналист Кенжебек Арыкбаев “көз карандысыз байкоочулардын парламенттик шайлоонун биринчи айлампасы таза жана калыс өтпөгөнүн, калыстыкты талап кылган эл митингге чыкканын, шайлоонун алдында бийлик тарабынан эркин маалымат каражаттарына кысым көрсөтүлгөнүн, Жалалабат, Тоң жана Кочкор аймагындагы окуялардын чыгыш себептерин иликтөөгө алды.

Ошондой эле “Ааламда” белгилүү саясатчы айымдар Ишенгүл Болжурова, Клара Ажибекова, Кален Сыдыкова өлкөдөгү саясый абалды, шайлоонун жүрүшүн талдоого алыган пикирлерин ортого салышты.

Гезитте дагы кандай мазмундагы макалаларга орун берилгенин жооптуу редактор Капар Токтошев мындайча айтып берди:

- 18- февралда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өз элине кайрылуусунда Орто Азия биримдиги тууралуу идеяны көтөрүп чыкты. Мына ушул идеяга үн кошуп, биздин активдүү авторубуз Баяс Туралдын “Туран идеясы” деген макаласына орун бердик. Анда “Туран” партиясы Туран өлкөсүн түзүүнүн зарылдыгын айтып чыкканын тарыхый фактылар менен бекемдеп, Назарбаевдин демилгесин колдоого алуу керектигин айткан.

7 - марттагы “Вечерний Бишкек” жаңы жылдан кийин кооптондурган сасык тумоо жаз алды менен күчөп, өлкө боюнча акыркы үч жумада үч миңден ашуун адам ооруганын маалымдады. Гезитте ырасмий сапар менен Бишкекке эки күнгө келген Пакистандын президенти Первез Мушарраф мамлекет башчы Аскар Акаев менен жолугуп, негизинен эки өлкөнүн экономикалык мамилелерин талкуулаарын кабарлады. Мындан тышкары Кыргызстан- Пакистан- Кытай жана Казакстан жолдору боюнча транзиттик жүк ташуу боюнча төрт тараптуу макулдашуу дагы талкууга алынаары баяндалды.

Ошондой эле 8-март кыз- келиндердин Эл аралык күнүнө карата Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Евгений Шмагиндин жубайы Ирина айым жана Германиянын Кыргызстандагы элчиси Франц Айхингердин жубайы Туне Корссунд айым менен болгон майрамдык маектешүүлөргө “Вечерний Бишкек” басылмасы орун берди.

8-марттагы “Эркинтоо” гезити өлкөнүн кыз- келиндерин жаз майрамы менен куттуктап, өлкөнүн атуулдарынын пикирин берди. Президент Аскар Акаевдин өнөр жайчылардын улуттук форумунда сүйлөгөн сөзү жарыяланды.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG