Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:59

Кадырбековдун жактоочулары облустук бийликке талап коюшту


НАРЫН. 7-мартта эртең мененки саат он ченде шаардын борбордук Эркиндик аянтына чогулган төрт жүзгө жакын адамдын саны саат 14.00кө карата 3,5-4 эсеге көбөйдү. Мындай жагдай БШКнын чечими кабарланган соң түзүлдү. Борбордук аянт тосулду. Митинг маалында элди тынчтыкка үндөгөн чакырыктар жасалып, сабырдуулуктун сакталышына үндөөлөр айтылып, БШКнын токтомун талапкер Ишенбай Кадырбеков сотко берип жаткандыгы кабарланды. Ал эми Бишкек-Торугарт жолу 6-мартта 21 саат 30 ченде ачылып, 7-мартта саат тогуздан тарта кайрадан бөгөлгөндүгүн талапкердин өкүлдөрү айтышты. Саат он төрттө элдин талабы боюнча аянтка губернатор Шамшыбек Медетбеков чыгып билдирүү жасап, суроолорго жооп берди.

XS
SM
MD
LG