Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:58

Жалалабатта митинг уланды


ЖАЛАЛАБАТ. Дүйшөмбүдө өткөн митингге эки миңден ашык адам катышты. Алардын көбү президент Аскар Акаевдин кызматтан кетишин талап кылган кайрылууга кол коюшту. «Жаштар менен кыз-келиндер, аялдар Акаевдин режимине каршы!», «Добуш уурдагандарга парламентте орун жок!», «Аскар Акаев бийликтен токтоосуз кетсин!», «Кыргызстан Аскар Акаевден тажап бүттү!», «Шайлоолор таза өтсүн!» деген тасмаларды көтөрүшүп, шаардын көчөлөрүндө ураан чакырып жүрүштү. Саясий акцияларды тасмага тартып, окуяларды туура чагылдыруу, митингге кошулган жаштарга жана бюджеттик, казыналык кызматкерлерге кысым көрсөтпөө талабы менен жергиликтүү бийликке, ошондой эле окуу жайлардын жетекчилерине кайрылуу кабыл алынды. Митингге чыккандардын алдында сүйлөгөн Курманбек Бакиев, Топчубек Тургуналиев, Бектур Асанов өңдүү саясатчылар кыргыз бийлиги алмашканда гана шайлоо таза өтөөрүн белгилешти. Облустук бийлик ишин облустук санитардык эпидемиологиялык станциясы менен Жалалабад шаардык күзөт бөлүмүндө улантууга аргасыз болду. Бул тууралуу губернатор Жусупбек Шарипов «Азаттык» үналгысына 7-мартта берген интервьюсунда билдирди. Нааразы тарап президент бийликтен кетмейинче имаратты бошотпой турганын билдиришүүдө.

XS
SM
MD
LG