Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:47

БШК талапкерлерге жана шайлоочуларга кайрылды


БИШКЕК. Борбордук шайлоо комиссиясы 7-мартта депутаттыкка талапкерлерге кайрылып, митингди, опузаны пайдаланып шайлоо комиссияларына кысым көрсөтпөөгө, тынчтык үчүн жоопкерчиликти сактоого, жеке кызыкчылыктар үчүн кырдаалды курчутпоого чакырды. Учурда түзүлгөн кырдаал добуш берүү учурунда шайлоо участокторунда тартипти сакташ үчүн тартип коргоо кызматынан жана жергиликтүү бийликтен жардам суроого мажбурлайт, деп айтылат кайрылууда. Ошондой эле кайрылууда БШК 13-марттагы добуш берүү 42 шайлоо округунда өтөөрүн белгилеп, анда талапкерлер үчүн берилген добуштарды саноодо мыйзам бузууларга жол берилбесин убада кылган.

XS
SM
MD
LG