Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:54

Оппозиция өз сунушун айтты


БИШКЕК. Кыргызстан элдик кыймылы жана «Атажурт» саясий биримдигинин жетекчилери 7-мартта Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүшүп, Кыргызстандагы саясий кырдаалды жөнгө салуу үчүн өздөрүнүн сунушун коомчулукка маалымдашты. Алардын айтымында, өлкөдөгү кырдаалды жакшыртуу үчүн Жогорку Кеңештин кош палатасынынын үчүнчү чакырылышынын кезексиз сессиясын жакынкы күндөрү өткөрүү зарыл. Анда өлкөдөгү саясий кырдаал талкууланып, президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү жана парламенттик шайлоону кайрадан өткөрүү маселесин тактоо керек. Бул күнкү маалымат жыйынын Кыргызстан элдик кыймылынын төрагасынын орун басары Ишенгүл Болжурова жана «Атажурт» саясий бирикмесинин теңтөрайымы Роза Отунбаева өткөрүштү.

XS
SM
MD
LG