Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:34

Көз карандысыз басма үйүнө электр кубаты бериле элек


БИШКЕК. 7-мартта кечки саат 21.00ге чейин көз карандысыз маалымат каражаттарын колдоо борборунун басмаканасына электр кубаты берилген жок. Мындай маалымат басма үйүнөн алынды. Ушул эле күнү түштөн кийин «АКИпресс» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында «Түндүк электро» ишканасынын башкы директору Сапарбек Балкыбеков электр кубаты ушул күндөн баштап берилээрин маалымдаган. Анын айтымында, мыйзам чегиндеги тиешелүү документтерди тапшыргандан кийин ишкана басмаканага электр кубатын берүү чечимине келген. Балкыбеков ошондой эле бул фактынын саясатка тиешеси жок болуп туруп, эларалык, саясий өңүт алгандыгына кабатырлануусун билдирди. Ал эми басмакананын ишмердүүлүгүн жүргүзгөн «Фридом хаус» уюмунун өкүлү маселенин саясий өңүтү жок деген түшүндүрмөнүн ынанымсыздыгын белгиледи.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG