Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:25

Депутаттар кезексиз сессия өткөрүш үчүн кол чогултушууда


БИШКЕК. Жогорку Кенештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын үчүнчү чакырылышынын айрым депутаттары жакынкы күндөрү кезексиз сессия өткөрүү демилгесин колдоп, кол коюшууда. Бул тууралуу Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Орозбек Дүйшеев «Азаттыктын» кабарчысына 7-мартта маалымдады. Анын айтымында, азырынча кезексиз сессия өткөрүү демилгесин колдоп жыйырмадан ашуун депутат кол коюшту жана алардын саны дагы көбөйүүдө. Мыйзам чыгаруу жыйынынын этика жана регламент боюнча комиссиясынын башчысы Орозбек Дүйшеевдин айтымында, Жогорку Кенештин регламентинин 35-беренесине ылайык кезексиз сессия чакыруу боюнча демилгени депутаттардын үчтөн экиси колдой турган болсо сессия өткөрүлөт. Депутаттар кезексиз сессияда өлкөдөгү саясий кырдаалды талкуулап, президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү маселесин кароону көздөшүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG