Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:11

МОЛДОВАНЫН КАЛКЫ КАЙРАДАН КОММУНИСТТЕРДИ КОЛДОДУ


Молдовадагы парламенттик шайлоодо өлкө президенти Владимир Воронин жетекчилик кылган Коммунисттик партияга алдыга чыкты. Коммунисттер 46%дан ашуун добуш алып, парламенттеги 101 орундун 57син ээледи. Коммунисттер мурдагыга салыштырганда парламенттен аз орун алды, бирок бул добуш менен эле алар өз алдынча өкмөт кура алышат. Ошентсе да президентти шайлоо үчүн башка саясий күчтөрдүн колдоосун алуу керек.

Молдованын бийликтеги Коммунисттик партиясы азыр өзүн батышчыл саясий күч катары көргөзүүдө. Андыктан бир кезде Орусия менен өнөктөш болгон молдовалык коммунисттер бул жолку шайлоо кампаниясын батышчыл маанайда жүргүзүштү. Соңку окуялар Орусия менен Молдованын мамилеси да начарлаганын көргөзгөнсүдү. Эки өлкөнүн мамилесиндеги түйүндүү маселе орус тилдүү калк жашаган Преднестровье чөлкөмү менен байланышкан.

Владимир Воронин 2003-жылы Орусиянын Молдованы федеративдүү мамлекетке айлантып, Приднестровьеге мамлекет статусун берүү жөнүндөгү сунушун четке каккан эле. Преднестровье Молдовадан 1990-жылы бир тараптуу бөлүнүп, натыйжада эки жак кыска убакытка созулган согушка да кириптер болгон эле. Орусиянын 1200дөй аскери бул жерде ошондон бери турушат. Аймактын 700 миң калкынын баары эле Молдованын жарандары эмес. Приднестровьенин бийликтери алардын аймагында шайлоо бекеттеринин ачылышына жол бербегендиктен, чек арада гана добуш берүү үчүн атайын 9 жай уюштурулду.

Парламенттеги 101 орун үчүн болсо тогуз саясий партия, эки саясий блок атаандашты. Бирок алардын үчөөсү гана парламенттен орун алып отурат. Президент Владимир Ворониндин Коммунисттик партиясы шайлоочулардын 46%дан ашуун добушуна ээ болду. «Демократиялык Молдова» блогу 28,41% добуш алып экинчи орунга чыкты. Үчүнчү орунду 9,6% добуш менен Христиан –демократиялык элдик партия ээледи. Добуш берүүгө болсо калктын 63%дайы катышкан. ЕККУ уюмунун байкоочулары шайлоо жалпысынан эларалык стандарттарга жооп бергенин белгилешти.

Ошентип Молдованын коммунисттери мындан төрт жыл мурдагы шайлоого караганда орундарынын бир тобун алдырганы менен өз алдынча өкмөт түзүү укугуна кайрадан ээ болуп олтурат. 2001-жылдагы шайлоодо алар парламенттеги 101 орундун жетимиш бирин алган. Ал эми жаңы парламент коммунисттерге 57 гана орун таандык болот. Коммунисттердин лидери Владимир Ворониндин президент болуп кайра шайлануусу үчүн парламенттеги башка партиялардын 4 добушу талап кылынмакчы. Себеби Молдованын мыйзамдарына ылайык президент жалпы эл тарабынан эмес, парламент тарабынан шайланат. Жогорудагы факт эгер Владимир Воронин президенттик кызматта калгысы келсе, коммунисттер башка күчтөр менен альянс түзүүгө мажбур экенин ишара кылууда.

Айтор президент Ворониндин натыйжада өзүнүн салтуу шайлоочуларынын бир бөлүгүн жоготуп, Орусиянын кыжырдануусун жаратып, ошол кезекте Батышты ылым санатууну көздөгөн шайлоо компаниясына Батыштын өзүнөн бир жактуу мамиле болгон жок. Ал шайлоо компаниясы учурунда бейөкмөт уюмдарга кысым көргөзүп, маалымат каражаттарын монополиялаганы үчүн сынга алынган. "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун румын-молдован кызматынын директору Оана Серафим муну менен президент Воронин адаттан тыш абалда калганын белгилейт:

- Өткөн жыл бою Воронин мырзанын жана анын өкмөтүнүн ички, тышкы саясатынын ортосунда көп карама-каршылыктар болду. Ушул жагдайдан улам менимче ал эки жактан утулду. Эскертүүлөрдүн баары Европа биримдигинен, Европа кеңешинен, ЕККУ уюмунан, Кошмо Штаттардан келди, Москва да тынчыздануу билдирди. Муну менен ал орто жолдо калып атат.

Азыр Молдованын коммунисттери Воронинди президенттикке кайра шайлаарын ишара кылып жатат. Ушул чечим Молдованын тышкы саясаты келечекте Батышка же Орусияга багытталарын аныктоого жардам бермекчи.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG