Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:03

Вашингтон италиялык журналисттин сөзүн абсурд деди


Ак үй италиялык журналист Жулиана Сгренанын америкалык аскерлер “мени атайылап өлтүргүсү келген” деген кебин “тексиз сөз” деп четке какты.
Сгрена айым өткөн жума күнү Багдад аэропортуна баратканда ок жаңылып жарадар болгон. Барымтадан бошотулган журналисти кошотоп келаткан Италиянын коопсуздук кызматынын офицери Никола Калипари америкалык жоокерлердин огуна кабылып, каза тапкан.

Дүйшөмбү күнү Римде Калипари улуттук баатыр катары акыр сапарга узатылды.
Италиянын Коопсуздук кызматынын башчысы Николо Поллари тажияда сүйлөп:

- Калипари автомобилде Жулина Сгрена менен бирге болуп, алар өтө чоң кубанычта эле. Ал: «Жеңиш биз тарапта, Жулиана боштондукта, автомобилде биз менен бирге. Бир аздан соң кайра чалам. Биз коопсуз болгондон кийин дагы кабар кылам» деген болчу, - деди.

АКШ бийликтери окуя тергелет деп убада кылган.

XS
SM
MD
LG