Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:32

Жон Болтон АКШнын БУУдагы элчиси болуп көрсөтүлдү


Президент Жорж Буш каруу жаракты контролдоо боюнча эксперт Жон Болтонду АКШнын Улуттар Уюмундагы элчилигине көрсөттү. Мамлекеттик катчы Кондолиза Райс дүйшөмбү күнү Ак үйдө жасаган билдирүүсүндө Болтондун дайындалышы тууралуу мындай деди:

Президент жана мен Жон Болтонду жакшы билгендиктен, элчи болууну сунуш кылдык. Ал сөзүндө бекем турган, тажырыйбалуу жана көп тараптуу сүйлөшүүлөрдү ийгиликтүү жүргүзгөнү менен белгилүү дипломат.

Учурда мамлекеттик катчынын жардамчысы болуп иштеген Жон Болтон мурда БУУну натыйжалуу иштей албайт деп сындаган. Ал кызматка Сенат бекиткенден кийин киришет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG