Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:24

Сирия оболу аскерлерин Ливандын Бекаа өрөөнүнөн чыгарат


Бүгүн Ливандын борбору Бейрутта Сирияны колдогон демонстрация болот деп күтүлүп атат. Акцияны шийи мусулмандарынын “Хезболла” уюму уюштурууда. Алардын түшүндүрүшүнчө, демонстрация Батыштын Сириянын ички ишине кийлигишүүсүнө каршы багытталат.

Кечээ Ливандын жана Сириянын президенттери сириялык аскерлер Ливандын Бекаа өрөөнүнөн марттын аягында чыгып кетет деп макулдашты. Бирок 14 миңдик аскер толугу менен качан чыгарылып кетээри белгисиз. Эларалык коомчулук сириялык аскерлердин Ливандан толук бойдон тез арада чыгарылышын талап кылууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG