Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:19

7-МАРТТА ЖАЛАЛАБАТТА МИТИНГ БОЛДУ


7-мартта Жалалабаттагы митинг улантылып, алардын катары жаңыдан келген жаштар жана аялдар менен толукталды. Нааразылык акциясында алар өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалга баа берип, кыз-келиндерди эларалык аялдар күнү менен куттукташты. Жекшембиде «Аскар Акаев биз менен!» деген ураан алдында өткөн өкмөтчүл митингди уюштургандыгы жана эл арасында ушак-айыңдарды тараткандыгы үчүн жергиликтүү бийликти сындашты.

Облустук бийликтин маңдайында тургандар Жалалабат шаарында 6-мартта «Аскар Акаев биз менен!» деген ат менен өткөрүлгөн митингди айыптап чыгышты.

Мамлекеттик кызматкерлерди жана студенттерди президент Аскар Акаевдин кызматтан кетишин талап кылган митингге каршы койбоого, аларга кысым көрсөтпөөгө жана окуяны туура чагылдырууну талап кылышты. Жалалабат университетине, Жалалабат шаар бийлигине, Кыргыз үналгы жана сыналгы жетекчилигине кайрылууну чечишти. Ал эми шаар бийлиги жогорудагы айыптоолорду четке какты:

- Обладминистрациянын имаратын алып, Аскар Акаевди кетсин дешип турушат. Аскар Акаевди чын айтканда бул жерде турган 500-1000 адам шайлаган жок, аны бүт Кыргызстаныбыз шайлаган, - деди шаар башчы Өмүрбек Шаршеналиев.

№25 Карүңкүр шайлоо аймагында добуш берүү таза өтпөгөндүгүн Базаркоргон районунан келген Токтокан Акматова айтты:

- Бизде таза шайлоо болгон жок. Бүт добуштар сатылып атат. Президентти кетириш үчүн келдик.

Өзгөн районунун өкүлү Маматемин Исмаилов президенттин отставкасын эмне үчүн талап кылып жаткандыгын төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Кыргызстандын быт-чытын чыгарып, бары жогун талкалап таштады. Малыбыз, сарайыбыз жок. Балдарыбыз пенсия, пособиени жакшы албайт, электр кубаты кымбаттаган, сууга да пул төлөйбүз. Кыргызстанды салыштырсак Канада менен бирдей. Канада 1820-жылдары эле сууну чет өлкөгө сата баштаган эле. Эми урматтуу Аскар Акаевич сууну биздин өзүбүзгө сатып атат.

Ал эми иши жок жүргөн Назир Айдаровдун сөзү боюнча берекелүү кыргыз жеринде жумушсуздук күчтүү болгондуктан жаштар башка өлкөлөрдө кордук көрүүдө:

- Эмне үчүн биздин балдар Орусияга барып кул болуп, кыйналып иштеп жүрөт. Ошол жактан биз алардын өлүгүн күтүп алып атабыз. Он жылда ушундай темп менен кете турган болсок биз канча баладан айрылабыз. Жүрөгү таза президент келе турган болсо, эки жылдын ичинде биздин Кыргызстаныбыз оңолуп кетет.

Акциядагылар Аскар Акаевди бийликтен кетирүү үчүн кол топтоого киришти. «Аялдар Аскар Акаевдин режимине каршы!» деген жазууну көтөрүп келишкен кыз-келиндерге жигиттер куттуктоо ырларын тартуулашты. Белгилүү саясатчы Топчубек Тургуналиев да ал куттуктоолорго кошулуп ырдап берди. Ал бийлик эл арасына атайын ажырым салып жатканына токтолуп өттү:

- Кыргыз менен ала топу өзбек туугандарды кагыштырганы жатат. Кыргызды, орусту, өзбекти алып келди эле. Акаев өзбек менен кыргызды, кыргыз менен кыргызды кагыштырып кан төгүп болсо дагы бийлигин узартканы жатат десек, алардын көпчүлүгүнүн акылы али өзүндө экен кайтып кетти, бир тобу биз жакка өтүп кетти.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG