Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:19

Первез Мушарраф Ош шаарында болду


ОШ. Пакистан президенти Первез Мушарраф мырзаны Ош аэропортунан губернатор Кубанычбек Жолдошев, шаар мэри Сатыбалды Чырмашев жана башка ырасмий мамлекеттик бийлик өкүлдөрү тосуп алышты. Ошто Первез Мушарраф баштаган делегация Сулайман тоо музей комплексинде жана ыйык Сулайман тоосунун башындагы Бабурдун үжүрөсүндө болуп, зыярат кылды. Первез Мушарраф мырза ыйык тоонун этегине кыргыз-пакистан мамилелеринин урматы үчүн символикалык түрдө карагай көчөтүн отургузду. Ош облусунун губернаторунун басма сөз катчысы Жыпара Акунованын билдиргенине караганда, Пакистандын президентинин Ошко сапары учурунда эч кандай ырасмий жыйындар болгон жок жана эки тараптуу документтерге кол коюлбады. Эске сала кетүүчү жагдай, Пакистандын жогорку бийлик өкүлдөрү ушуну менен Ош шаарына экинчи жолу келүүдө. Алгач жолу Пакистандын премьер-министри Беназир Бхутто айым 1995-жылы Ошто болуп кайткан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG