Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:47

Депутаттар чукул сессия чакырууга аракеттенүүдө


БИШКЕК. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары 10-мартта чукул сессияга чогулууга аракет жасайт. Бул тууралуу депутаттар Акылбек Жапаров, Ишенбай Кадырбеков, Азимбек Бекназаров, Орозбек Дүйшеев билдирди. Маалыматка караганда, чукул сессияны чакырууга макулдугун билдирип, 40ка жакын депутат кол коюп берди. Сессияда депутаттар парламенттик шайлоо жана өлкөдөгү кырдаалды талкуулоону белгилеп жатышат. Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Чолпонкул Арабаев депутаттардын чукул сессияга чогулууга укугу бар экенин билдирди. Бирок 8-мартта Жогорку Кеңештин имаратына бир катар депутаттар кире алышпаганын кабарлашты.

XS
SM
MD
LG