Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:18

Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Вашингтогу көз карандысыз изилдөө институтунун дүйшөмбү күнү жарыялаган баяндамасында Иракта өткөн шайлоо, Палестин тынчтык процессиндеги жылыштар жана Ливандагы окуялар Президент Жорж Бушка ченеми жок чоң көзүр берип атканы айтылат. Ошону менен бирге эле Америка менен араб өлкөлөрүнүн мамилеси мынчалык начар болуп көрбөгөнү белгиленип, Америка Жакынкы Чыгыштагы саясатын өзгөртүүсү абзел, деп айтылат.

Стратегиялык изилдөөлөр борборунун докладында Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн экономикасын өнүктүрүүгө жардам берүү маселелеринен тартып региондогу элдин асыл-нарктарын изилдөөнүн жол-жоболоруна чейин камтыган кеңири чөйрөдөгү сунуштар айтылат. Бирок серепчилердин пикиринде эң маанилүүсү, АКШ жалаң эле аналитиктердин кеңешин укпастан, жөнөкөй кишилердин пикирлерине да кулак салуусу абзел.

Стратегиялык изилдөөлөр борбору Марокко, Сауд Арабия, Иордания, Ливан, Мисир жана Бириккен Араб Эмирликтеринин 3000ден ашуун жаранын сурамжылап, арабдар үчүн Ирак маселеси жана жергиликтүү реформалар эмес, араб өлкөлөрү менен Израилдин ортосундагы жаңжалдын жөнгө салынуусу эң маанилүү экенин аныктаган. Араб-Америка институтунун өкүлү Жэймс Зогби буларды бандайт:

- Иликтөө учурундагы талкуулар көрсөткөдөй, арабдар үчүн Израил менен араб өлкөлөрүнүн ортосундагы жаңжал эң маанилүү нерсе. Америка Кошмо Штаттары коопсуз, демократиялуу Палестина мамлекетине негиз салууга жардамдашуу менен бирге, Израилдин демократиялуу жана коопсуз болушун камсыз кылуу жараянында активдүү рол ойногону абзел. АКШ бул жаатта өз активдүүлүгүн көрсөтмөйүн, биздин сунуштарды аткаруудан каалагандай майнап чыкпайт, - дейт Зогби.

Жүргүзүлгөн иликтөөлөргө таянып, серепчи көпчүлүк арабдар АКШыны Израилдин эң чоң жактоочусу жана колдоочусу деп эсептээрин баяндайт. Арабдардын көбү Жакынкы Чыгыш тынчтык процессинде ортомчулук кылган АКШ кара кылды как жарган калыс боло алган жок, деп эсептешет.

Ошону менен катар эле бул иликтөө арабдар үчүн демократия эмес, жашоо-турмушту жакшыртуу маанилүү проблема экенин көрсөттү.

- Биз алардан «Сиздер үчүн эң маанилүү нерсе кайсы?» «Өз өлкөңөрдө эмнелерди өзгөртүүнү каалаар элеңиз?» - деп сураганыбызда алар жашоо турмушту жакшыртуу деп жооп беришти. Арабдар билим берүү, саламаттык сактоо системасынын жакшыртылышын, жумуш орундарынын көбөйтүлүшүн жана айлана чөйрөнүн тазарышын аташты. Саясат, демократиялык реформалар, саясий дебаттар, аялдардын укугуна байланышкан маселелер - мына ушулардан кийин гана аталды,- дейт Зогби.

Сурамжылоого тартылгандардын көбү өз өлкөлөрүндөгү реформаларга АКШнын аралашып, кийлигишүүсүн каалабай тургандыктарын айтышты,-деп белгилейт серепчи.

Ошону менен катар эле респонденттер АКШ тышкы саясатында Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө гана басым жасабастан, бүткүл араб дүйнөсүнө да көңүл бурууга тийиш, деп айтышкан.

Иликтөөнүн демилгечилеринин бири, АКШнын Мароккодогу экс-элчиси Эдвард Габриель бул пикирди коштоп, мындай саясат АКШга жаңы шериктерди камсыз кыла турганын кошумчалайт:

- Биз тышкы саясатыбызда кеңири чөйрөдөгү шериктерди камсыз кылышыбыз керек. Андай шериктердин катары жалаң эле пикирлештерден гана куралбашы керек,- дейт Эдвард Габриэль.

Баяндаманы даярдаган комитеттин төрагасы, АКШнын мурдагы сенатору, президент Билл Клинтондун учурунда Коргоо министри болуп иштеген Уильям Коен демократия Жакынкы Чыгышта жакын арада орной койбосун белгилеп, буларга токтолот:

- Биз арабдар, араб лидерлеринин пикирин эске алуубуз керек. Алардын маданиятын, динин, жашоо жолою менен мүдөөсүн эске алуубуз абзел. Менимче, аларга демократияны таңуулаганыбыз, алардан демократ болууну талап кылганыбыз жарабайт. Биз ошол демоакртиянын өнүгүп-өсүүсүнө огожо болгон шарт түзүүгө көмөктөшүүбүз керек, - дейт Коен.

Коендин пикиринде, булардын баарын АКШ өзүнө карата болгон душмандык мамилени жоюу үчүн эле эмес, өзүнө чын ыклас шерик табуу үчүн эске алуусу абзел.
XS
SM
MD
LG