Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:28

Аялдардын эларалык күнү дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө белгиленди


Майрам бир катар өлкөлөрдө түрдүү салтанаттар менен белгиленип, аялдар кыймылынын активисттери ар кандай иш -чараларды өткөрүштү. Кыйноолорго каршы эл аралык уюм ага тушташ жарыяланган докладында аялдарга каршы зордук-зомбулуктун, анын ичинде турмушта да үй-бүлөдө да күчөп жатканына тынчыздануу билдирди. Евробиримдиктин аткаруучу органы- Еврокомиссия болсо бүгүн жылдык бюджети 12 миллион долларга жетүүчү атайын гендер институтун түзүп жатканын жарыялады.
Франциянын президенти Жак Ширактын билдиргенине караганда, өкмөт парламентке жакынкы күндөрү жумушчу орундарынын эркектер менен аялдар үчүн бирдейлигин караган мыйзам сунуш кылат. Профсоюз уюмдарынын Эл аралык конфедерациясынын маалыматына караганда, дүйнөдө жакырчылыкта жашаган 1,3 миллиард адамдын 70%ын аялдар түзөт.

Кечки жаңылыктарды даярдаган -Улан Эшматов, Прага

XS
SM
MD
LG