Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:41

Палестин лидери Израилди берилген убадаларды аткарбай жатканы үчүн сынга алды


Махмуд Аббас Израилди өткөн айдагы саммитте берилген убадаларды аткарууну кечеңдетип жатканы үчүн сынга алды. Ал жана жөөт премьери Ариэль Шарон февралдагы саммитте төрт жылдан ашуун убакытка созулган кан төгүүлөрдөн кийин душманчылыкты токтотууну макулдашкан. Аббас бүгүн палестин парламентинин жыйынында белгилегендей, Израилдин берилген убадаларын аткарууну каалбай жатышы буга чейин жетишилген ийгиликтерге коркунуч келтирип, тынчтык жараянына каршылардын чырагына май тамгызууда.

Палестин лидери конкреттү фактыларды келтирген жок, бирок Израил түрмөдөгү палестиндерди бошотууну, сүргүндөгү палестиндерди кайтып келүүсүнө мүмкүндүк берүүнү, Иордандын Батыш жээгиндеги оккупациялаган жерлердин кээ бирлеринен чыгып кетүүнү убада кылганын айтты.

Аббастын пикиринде, палестин тараптын согушкерлердин чабуулдарын алдын алуу аракеттери, тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра жандандыруу боюнча саясий аракеттер менен коштолушу керек.

XS
SM
MD
LG