Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:02

Чеченстанда козголоңчулардын лидери Аслан Масхадов өлтүрүлдү


Бул тууралуу бүгүн кечке жуук Орусиянын Түндүк Кавказдагы федералдык күчтөрүнүн өкүлү Иля Шабалкин жарыялады. Иля Шабалкиндин айтымында, Масхадов Чеченстандын Толстой - Юрт деген кыштагында "атайын операция" учурунда жок кылынган жана анын сөөгү таанылды. Орусиялык телеканалдардын билдиргенине караганда, ФСБнын башчысы Николай Патурушев президент Владимир Путинди бул окуя менен кабардар кылды.

Чечен козголоңчуларынын башчысы жок кылынганы жөнүндөгү маалымат башка көз карандысыз булактар тарабынан азырынча ырастала элек. Анын Лондондогу өкүлү Ахмед Закаев "Эхо Москвы" радиосуна берген интервьюсунда, Масхадовдун өлүмүн тастыктай албасын белгиледи. Расмий Москва Чеченстандын мурдагы президентин соңку жылдары Орусияга каршы бир катар кол салууларды уюштурганы үчүн айыптап келген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG