Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:19

Кремлдин айтымында, бүгүн 8-мартта чечен жикчилеринин президенти Аслан Масхадов камалоого калып, федералдык аскерлер менен атышып жатып курман болду. Орус сыналгысы Масхадовдун денеси катары жоромолдонгон сөөктү байма-бай көрсөттү. Эгерде бул кабар көз каранды эмес иликтөөлөр аркылуу тастыкталса, анда чечен жикчилери өздөрүнүн көрүнүктүү жолбашчысынан айрылган болот. Чечендер Масхадовду байистүү саясатчы катары бааласа, расмий Маскөө болсо аны террорчу катары жектеп келген.

Расмий Маскөө чечен жикчилеринин президенти Аслан Масхадовду бутага алган жана «атайын аскердик чара» деп атаган бул окуя шейшембиде (8-мартта) Толстой-Юрт кыштагында орун алган.

«Эркин Европа-Азаттык» үналгысынын Орус кызматынын кабарчысы Муса Хасанов бул тууралуу бүгүн кечинде Грозный шаарынан төмөнкүдөй маалымат жиберди:

- Жеке менчик үйлөрдүн биринин астында курулган чыңдалган жайда чечен жетекчиси Аслан Масхадов табылды. Ок атышуулар башталып, анын айынан Масхадов набыт болду. Орусиянын ички иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Илья Шабалкиндин айтымында, сөөк Масхадовдуку экени тастыкталды.

Чечен жикчилеринин Лондондогу өкүлү Ахмед Закаев да Масхадовдун өлүмү тууралуу тастыктай алаарын бүгүн кечинде «Радио Свобода» үналгысы обого чыгарган маегинде билдирди.

Өткөн аптада эле чечен жикчилеринин президенти Аслан Масхадов «Эркин Европа-Азаттык» үналгысынын Түндүк Кавказ кызматына маек курган. Масхадов бул маегинде Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылып, аны тынчтык жараяны тууралуу талкуу кылуу үчүн көзмө-көз жолугууга чакырган:

- Биз мурда да сунуш кылганбыз, азыр да сунуштайбыз. Биздин оюбузча, бул согушту токтотуу үчүн Орусиянын президенти менен отуз мүнөттүк көзмө-көз чын жүрөктөн баарлашуу эле жетиштүү болмок. Бул убакыт ага чечендер эмнени каалап жатканын түшүндүрүү үчүн жетмек. Менин ишенимимде, ал чечендердин эмнени каалааарын деле биле бербейт. Ал эми биз болсо Путиндин өз оозунан ал эмнени каалап жатканын, Орусиянын Чеченстанда каалаганы эмне экенин укмакпыз.

Айтмакчы, генерал Аслан Масхадов 1997-жылы январда бүткүл Чеченстан аймагында өткөрүлгөн президенттик атаандаш шайлоодо жеңип чыккан. Бул шайлоого эл аралык байкоочулар да келип көз салган.

«Эркин Европа-Азаттык» үналгысынын Түндүк Кавказ кызматынын деректири Аслан Дукаев мырзанын айтымында, Масхадовдун Чеченстандагы саясий сахнадан жок кылынганы биротоло тастыкталса, анда ушул тапта чечен жергесинде күрөшүп жаткан жикчилердин жетекчилигинде жалаң гана катаал нукту туткан ашынган жоочулар калды деп жоромолдоого болот:

- Маселенин түйүнү мында – ушул тапта чечендердин каршылык көрсөтүү күчтөрүнүн ичинен өзгөчө байистүүлөрү чет өлкөлөрдө жүрөт. Ал эми чечен жергесиндеги колбашчылар, айрымдарын гана эске албаганда, негизинен ваххабийлик катаал нукту туткандар. Алардын ичинен өзгөчө ашынганы – албетте, Шамил Басаев. Ал Маскөө театрындагы жана былтыркы Бесландагы чабуулдар сыяктуу террордук иш-аракеттердин жоопкерчилигин өз мойнуна алган.

Дукаевдин оюнча, эми Чеченстандагы жикчилердин арасында Орусия менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү үчүн ыйгарым укугу бар дээрлик эч бир саясий ишмер калбай калды.

Ал эми Орусиянын президенти Владимир Путин болсо Масхадовдун өлүмүн тастыктоо максатында кошумча тергөө чараларын тездетүүгө буйрук берди жана Чеченстанда бейпилдикти орнотуу жаатында алдыда дагы эле арбын иш күтүп турганын белгиледи:

- Чеченстанда жасалчу иш дагы эле арбын. Жумурияттын тургундарын жана жалпы эле Орусиянын атуулдарын башкесерлерден коргоо жаатында иш-аракетти чамдообуз керек.

Аслан Масхадов 1994-1996-жылдары орус-чечен согушунда аскер башчы катары Кремлге каршы уруш жүргүзгөн. Чечен жикчилеринин алгачкы президенти Жохар Дудаевдин өлүмүнөн кийин ал жумурияттын президенти болуп калган. 1999-жылы орус аскерлери кайрадан чечен жергесинде согуш баштаганда, Грозныйдан сүрүлгөн Масхадовдун жикчил өкмөтү Маскөөгө каршы партизандык ыкмалар менен согуш жүргүзүүгө аргасыз болгон.

Масхадов ашынган чечен жикчилеринин соңку террордук иш-аракеттерин айыптап чыккан.

Расмий Кремл болсо Аслан Масхадовдун өзүн “террорчулардын ана башы” катары айыптап, анын башы үчүн 10 миллион доллардык сыйлык жарыялаган.
XS
SM
MD
LG