Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:15

“Хезболла” уюму Бейрутта Сирияны жактаган ири акция өткөрдү


Кечээ Бейруттун башмайданына чогулган жүз миңдеген адамдар сириялык аскерлердин Ливанда калышын жактап, Батыштан Ливандын ички ишине кийлигишүүнү токтотууну талап кылышты. Жыйынды “Хезболла” кыймылы Сирия аскерлеринин Ливанда калышына каршы күчтөр өткөрүп жаткан нааразылык акцияларына каршы уюштурду. АКШ президенти Жорж Буш Ак үйдө сүйлөп, Сирияны Ливандан толук чыгып кетүүгө чакырды:

- Сириялык бардык аскерий күчтөр жана чалгындоо кызматынын агенттери май айында болчу шайлоо эркин жана калыс өтүшү үчүн ага дейре Ливандан чыгып кетиши абзел. Эларалык байкоочулар Ливандагы шайлоого толук жана этият көз салышы керек. Ливандын эли өз келечегин тышкы күчтөрдөн эркин шартта аныктоого акылуу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG