Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:32

Косово боштондук армиясынын мурдакы командири Гаагага жөнөдү


Косовонун кечээ кызматтан кеткен премьер-министри Рамуш Гарадинаж бүгүн Гаагадагы эларалык аскерий сотко учат. Ал 1998-99-жылдардагы Серб күчтөрүнө каршы согуш кезинде этникалык тазалоого катышканы үчүн жоопко тартылышы мүмкүн. Гарадинаж өзү эч кандай кылмыш жасаган эмесмин дейт:

. - Менин күнөөм жок. Мага коюлган айыптоого байланыштуу премьер-министрликтен бошотууну өтүндүм жана шаршемби күнү Гаагага учам. Косовонун көз карандысыздыгы жолунан чыкпашыбыз шарт.

Гарадинаж Косово согушунда албан эрегишчи күчтөрүнүн бирин жетектеген.
Мурда Сербиянын соту 36 жаштагы Рамуш Гарадинажды террорчулук, талап-тоноочулук жана зордукчулук кылды деп күнөөлөгөн.

XS
SM
MD
LG