Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:30

НААРАЗЫЛЫК АКЦИЯЛАРЫ УЛАНЫП ЖАТАТ


Азиза Турдуева, Бишкек Бир нече күндөн бери нааразылык акцияда турган Ош облусунун Каракулжа районунун шайлоочулары 8-мартта өлкөнүн түштүк борборуна карай жөө жүрүшкө чыгышты. Ал эми Нарын облусунда депутаттыка талапкер Ишенбай Кадырбековдун жактоочулары мөөнөтсүз ачкачылык жарыялашты. Оппозициянын өкүлдөрү бийлик бүгүнкү күндө өлкөдөгү кырдаалды көзөмөлдөн чыгарып койду деген көз карашын айтып жатса, өкмөт тескерисинче, кырдаал бийликтин толук көзөмөлүндө дейт.

Жалалабатта 4-мартта башталган нааразылык акциясы 8-мартта дагы улантылды. Митингдин катышуучуларынын башкы талаптарынын бири мурдагыдай эле - президент Аскар Акаевди кызматынан кетирүү. Алар коюлган талаптар аткарылмайынча, нааразылык чарасы токтотулбай тургандыгын айтышууда. Бул тууралуу митингге чыккандардын бири Бурма Жусупова мындай дейт:

- Биздин талабыбыз президент Аскар Акаев бийликтен кетсин. Мен балдарыбыздын келечеги үчүн митингге чыктым. Аскар Акаев бийликтен кетмейинче, биз ушул жерде турабыз.

Ал эми Ош облусуна караштуу Каракулжа районунан 300гө чукул адам 8-мартта Ош шаарына карай жөө жүрүшкө чыгышып, ушул эле күнү Өзгөнгө жетишти. Алардын талаптары адегенде президенттик шайлоону, андан соң ачык парламенттик шайлоо өткөрүү. Бул жөнүндө жөө жүрүшкө чыккандардын бири Сүйүнбай Ажы мындай дейт:

- Биздин талабыбыз – адегенде татыктуу президентти шайлап алуу. Ал үчүн канча күн болсун, турабыз. Эл тандаган президент шайлангандан кийин гана парламенттик шайлоо өткөрүү. Биздин мындай талаптарыбыз 27-февралда өткөн адилетсиз парламенттик шайлоого байланыштуу болду. Мен мындай акыйкатсыз шайлоону көрө элек болчумун. Биз өзүбүз койгон талаптар аткарылмайынча, артка кайтпайбыз!

Каракулжадан жөө жүрүшкө чыккандар ушул эле күнү Өзгөн районуна келишти. Алар райондун мамлекеттик администрациясынын имаратына келип токтошту.
Өзгөндүн мамлекеттик администрациясынын имараты дагы деле пикетчилер тарабынан ээленип турат. Бул күнү шаарда нааразылык акцияга 500гө жакын адам чыкты.

Нарын обулусунда нааразылык чарага шейшембиде депутаттыка талапкер Ишенбай Кадырбековдун 200дөн ашуун жактоочусу чыгып, алардын ичинен ичинен он бири ачкачылык акциясын баштады. Алар тарабынан коюлуп жаткан талаптар жөнүндө ачкачылык акциясына кошулгандардын бири мындай дейт:

-Биз ачкачылыкты үч талап менен жарыяладык. Биринчиден, Ишенбай Кадырбековдун депутаттыкка талапкерлигин бийлик калыбына келтирип берсин. Экинчиден, президент Аскар Акаев кызматынан кетсин. Үчүнчү талабыбыз – «Азаттык» радиосунун уктуруулары калыбына келтирилсин. Биздин ушул талаптар аткарылмайынча канча күн болсо да, ачкачылыкты уланта беребиз! Бул жерде бир гана Ишенбай Кадырбековдун эмес, миңдеген шайлоочулардын укуктары бузулуп жатат!

Кыргызстандагы оппозициянын жана бийликтин өкүлдөрү өлкөдөгү кырдаал боюнча ар кандай пикирлерин билдиришүүдө. 8-мартта «Атажурт» саясий кыймылынын тең төрайымы Роза Отунбаева бүгүнкү күндө бийлик өлкөдөгү кырдаалды көзөмөлдөн чыгарып койду деген пикирин айтты:

- Бүгүн өлкөдөгү кырдаал өтө оор деп айтсак болот. Азыр мамлекетибиздин чар тарабында эл нааразылык билдирип чыгып атат. Мамлекеттик администрациялар эл тарабынан ээленип, бийлик элдин колуна өтүп жатат. Азыр бийлик өлкөдөгү кырдаалды көзөмөлгө ала албай калды. Бул бийликтин алсыздыгы. Кырдаал бийликтин көзөмөлүнөн чыкты.

Ал эми өлкөнүн биринчи вице-премьер-министри Кубанычбек Жумалиев кырдаал бийликтин көзөмөлүндө деп билдирди:

- Эми администрация имараттарын ээлеп алышса эле, бийлик өлкөдөгү кырдаалды көзөмөлдөн чыгарып койду деп айткан туура эмес. Бийликтин күчү жетиштүү. Бирок бардык нерсе Конституциянын, мыйзамдын чегинде өтүшү керек. Биздин башкы идеябыз - ушул. Биз парламенттик шайлоону мыйзам чегинде өткөрүшүбүз керек. Ал эми оппозициянын эң башкы мүдөөсү – кандай жол менен болбосун бийликке жетүү. Ошол максатты көздөп, алар ар кандай ыкмаларга барып жатышат , -деп билдирди вице-премьер-министр Кубанычбек Жумалиев «Азаттыктын» кабарчысына.

Ал эми айрым саясатчылардын көз карашында, эгерде өлкөдөгү кырдаал жакынкы күндөрү жөнгө салынбаса Кыргызстанда олуттуу саясий өзгөрүүлөр болуп кетиши мүмкүн.
XS
SM
MD
LG