Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:27

10-мартка аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Аба ырайын алдын ала маалымдоо борборунун билдирүүсү боюнча 10-мартта Кыргызстандын айрым облустарында жамгыр жаайт. Тоолорго кар түшөт.

ТАЛАС аймагында түнкүсүн -1...+4, күндүз +9...+14 градус жылуу.
ЧҮЙдө түнкүсүн 0...+5 градус, ал эми күндүз +11...+16 градус жылыйт.
ЖАЛАЛАБАТ, БАТКЕН, ОШ облустары боюнча абанын температурасы түнкүсүн +2...+7, күндүз +12...+17 градус.
НАРЫН жергесинде түнкүсүн -3...-8 градус суук болот. Күндүз -2...+3 градус.
ЫСЫККӨЛ чөлкөмүндө түнкүсүн -4...+1 градус, күндүз +3...+8 градус жылуу.
БИШКЕК шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Сейрек булут каптап, түнкүсүн +2...+4, күндүз +13...+15 градуска жылуу болушу күтүлөт.

Кыргызстандагы соңку жаңылыктарды Азиза Турдуева, Аманбек Жапаров жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG