Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:40

Жаштар Бишкекте нааразылык акциясын өткөрүштү


Бишкек. 9-мартта Бишкекте Улуттук университеттин алдында «Бирге» аттуу жаштар уюмунун өкүлдөрү нааразылык ациясын өткөрүштү. Алар №1 Университет шайлоо округунун шайлоочуларынын негизги бөлүгүн түзгөн студенттерге кысым көрсөтүлбөсүн деген талап менен чыгышты. Пикетке «Бирге» жаштар уюмунан 30га жакын адам катышты. Бул акция өткөн жерге 200дөн ашуун студенттер чогулуп, жаштар уюмунун талаптарын негизинен колдошоорун билдирип турушту. Алардын алдына чыгып Кыргызстан элдик кыймылынын өкүлдөрү Топчубек Тургуналиев, Замира Сыдыкова сөз сүйлөштү. Пикетке чыккандар: «Акаев кетсин!», «Коркунучка каршы бирге туралы!» «Бирге-биз күчтүбүз!» деген ураандарды кыйкырып турушту. «Бирге» жаштар уюмунун өкүлдөрү студенттерди конституциялык укуктарынан пайдаланып, 13-мартта татыктуу талапкерди шайлоого чакырышты.

XS
SM
MD
LG