Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:40

Нарында пикетчилер облустук администрацияга кирүүгө аракет жасашты


НАРЫН. 9-мартта түштөн кийин митингге чыккандар облакимчиликке каптап кирүүгө аракет жасашты. Бирок милициянын атайын даярдалган бөлүмүнүн кызматкерлери жаалданган калкты токтотууга каршы чыгышты. Натыйжада элдин облакимчиликти басып алуусуна жол берилген жок. Ал эми Нарын райондук акимчилиги болсо эртең менен шашылыш жыйын өткөрүп, анда жакынкы айылдардан элдин Нарын шаарын карай агылуусун токтотуу үчүн атайын кызмат адамдарды дайындап, жөнөткөндүгү тууралуу маалымат айтылган. Бирок бул күнү элеттиктер борбордук аянтта кыйла көп санда топтолушту.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG