Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:09

Каракулжадан жөө жүрүшкө чыккан пикетчилер Ош шаарына келишти


ОШ. Ош облустук мамлекеттик администрациясынын алдында митинг өткөрүп жатышкан атуулдар президент Аскар Акаевдин бийликтен кетүүсүн жана мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону дайындоо талаптарын коюп жатышат. Түшкү саат экиге жакын «Элдин тагдырын уурдагандар жоголсун. Акаев президенттиктен кетсин» деген сыяктуу ураандарды колдоруна көтөрүшкөн каракулжалык жөө жүрүшчүлөр Ош шаарынын борбордук аянтына келишти. Алгач нааразылык акциясына чыгышкан жөө жүрүшчүлөрдү милиция кызматкерлери шаардын борбордук аянтына өткөрбөөгө аракет кылышты. Бирок үч катар тизилип келе жаткан жөө жүрүшчүлөр милициянын тосмолорун бузуп өтүшүп, облустук администрациянын алдына келип токтошту. Жөө жүрүшчүлөр жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн эл алдына чыгуусун талап кылышкандыгына карабастан Ош облусунун губернатору Кубанычбек Жолдошевден эч кандай жооп болгон жок. Жөө жүрүшчүлөрдүн нааразылык акциясын жүздөн ашуун милиция кызматкерелеринен сырткары эки жүзгө жакын ички иштер аскерлер тобунун жоокерлери курчап турушат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG