Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:23

Палестин топтору Израил менен убактылуу жарашканга макул болду


Муну менен алар региондогу тынчтык процессине мүмкүнчүлүк берүүнү чечишти, деп ырастады автономиянын президенти Махмуд Аббастын улуттук коопсуздук иштери боюнча кеңешчиси генерал Жибрил Ражуб. Эмдиги аптада Каирде бардык палестин топтору атайын жыйынга чогулат. Бу жыйын мурда марттын биринчи күндөрүнө пландалган эле, бирок Тел-Авивдеги террордук кыянаттан улам болбой калган. Ал эми Иерихон шаарын палестиналыктарга өткөрүп берүү жөнүндө бүгүн эки тараптын коопсуздук өкүлдөрү сүйлөшүп, бир жаңсыл пикирге келе алган жок.

XS
SM
MD
LG