Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:14

Чеченстанда кырдаал ого бетер оорлойт


Аслан Масхадовду тындым кылышкан соң радикалдуу күчтөрдү токтотуу кыйын болот. Аларды буга чейин Масхадов ооздуктап келген эле. Эми радикалдардын тактикасы жана ыкмасы өзгөрөт болуу керек, деп билдирди чечен козголоңчуларынын өкүлү Ахмед Закаев “Азаттык” радиосуна берген интервьюсунда. Масхадов мерт болгон соң радикалдар өздөрүн мыйзамдуу шайланган президент алдындагы моралдык милдеттенмеден да бошондук деп эсептеши мүмкүн. Закаевдин айтымында,жакын аралыкта Масхадовдун ордуна жаңы жетекчи дайындалат жана күрөш улантылат. Орус думасынын спикери Борис Грызлов болсо кечээки операция ийгиликтүү өткөнүн белгилеп, муну менен дагы бир балээден кутулдук деп билдирди.

XS
SM
MD
LG