Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:02

9-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту №33 Нарын шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер Ишенбай Кадырбековдун арызын карап, аны канааттандырган жок. Кадырбеков сотко округдук комиссиянын аны талапкерликтен алып салган чечимин жокко чыгаруу арызы менен кайрылган эле.

Талапкер Ишенбай Кадырбеков Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жолдогон арызында Борбордук шайлоо комиссиясынын 7-марттагы чечимин жокко чыгарууну өтүнгөн. Анткени БШК анда №33 Нарын округдук комиссиянын Ишенбай Кадырбековду талапкерликтен четтеткен чечимин күчүндө калтырган болчу. Бирок сот БШК мүчөлөрү округдук комиссиянын чечими боюнча бир жактуу так чечимге келген эмес деген негиздеме менен округдук комиссиянын чечимин күчүндө калтырды.

Талапкерликтен четтетүүгө болсо экинчи талапкер Карганбек Самаковдун Ишенбай Кадырбековдун ишенимдүү адамы Ассакунов 2-мартта үгүт ишин жүргүздү деп, округдук комиссияга жолдогон арызы негиз берген.

Ишенбай Кадырбеков сотто Ассакунов эч качан ишенимдүү адамы болбогондугун, аны ишенимдүү адам кылуу үчүн берген арызы менен күбөлүгүнүн жоктугу далилдээрин билдирди. Андан тышкары Ассакунов 2-мартта «МСН» гезити менен «Азаттык» радиосун колдоо үчүн Нарында өткөрүлгөн жыйында Кадырбековду жактап сөз сүйлөбөгөндүгүн жана үгүт ишин жүргүздү деп акт түзгөн 10 адамдын бирөө да ал жыйынга катышпагандыгын, округдук комиссия Шайлоо кодексинин бир катар мыйзамдарын бузуу менен чечим кабыл алгандыгын айтты. Бирок сот анын өтүнүчүн канааттандырган жок.

Соттон кийин Ишенбай Кадырбеков бул чечимди саясий чечим деп баалады:

-Соттун чечиминен кийин мен бир нерсеге толугу менен ынандым - бул саясий чечим. Округдук комиссия мени талапкерликтен алып коюуга негиз жок болчу. Эң кур дегенде сот ошого көңүл бурат десе, ага карабай эле бир дагы мыйзамдын беренесине негиздебей туруп, жөн эле «жок» деген чечимге келди. Демек, бул саясий буйрук экенин далилдеп турат. Бул бүгүнкү бийликтин аброюнун кандай экенин далилдеп койду.

Нарын облусунун губернатору Шамшыбек Медетбеков Ишенбай Кадырбековдун мындай билдирүүсүнө макул болгон жок:

- Ишти сот карап жатат. Сот бийлигине кимдин алы жетет? Эч кандай мыйзам бузууга барган жокпуз.

Ал эми Ишенбай Кадырбеков мындан аркы аракеттери тууралуу:

- Эми мындан элден бир гана нерсени - Кочкордун элиндей болуп Карганбек Самаков жана башка талапкерлерге каршы добуш берип, ушул шайлоону жокко чыгаргыла деп суранам. Эгерде аны эл туура көрсө ошондой чечимге барат деп ойлойм. Себеби, бүгүнкү күнү бийлик элдин укугун тартып алып, өз каалоосундай чечип жатат. А укугун тарттырып жиберген адамдар баарына каршы добуш бериш керек деп ойлойм. Ошондо акыйкаттык болот. Элдин андан башка аргасы калган жок. Мындан башка дагы бир жол бар. Ал Жалалабад, Оштогу атуулдардай революция жасап, бийликти колго алуу. Бирок менин оюмча биринчи жол эң жакшы. Эл өз укугун колдонуу менен баарына каршы добуш берип коюш керек дагы, шайлоону жокко чыгарып коюш керек.

9-мартта Нарын шаардык соту Ишенбай Кадырбековдун атаандашы Карганбек Самаковдун добуш сатып алуу аракеттери жана үгүт жүргүзүү талаптарын бузгандыгы боюнча берген арызын карап, аны канааттандырган жок. Талапкердин Нарындагы шайлоо штабынын өкүлү Ишен Айтманбетовдун баамында сот арызды адилеттик менен кылдат иликтеген жок:

-Мыйзамдын негизинде Карганбек Самаков да жарыштан чыгышы керек болчу. Бирок Нарын шаардык соту анын пайдасына чечип койду. Эми бул жерде мыйзам бузууга сөз жок .

Ал эми 5-марттан бери Ишенбай Кадырбековдун талапкерлигин колдоп, облустук администрация имаратынын алдына митинг, пикет өткөрүп жаткан атуулдардын саны 9-мартта миңге чукулдап, аларга Атбашы районунан келген атуулдар да кошулушту. Кыргызстан укук коргоо кыймылынын митингдерге катышып жүргөн төрагасы Турсунбек Акундун айтымында, алар облустук администрацияга кирүү аракетин да кылышты:

-Мына азыр 300-400 адам администрациянын имаратын ээлеп алууга аракет көрүштү. Эшикке жеткенде Ички иштер министрлигинин башкарма жетекчиси Темирхан Субанов баштаган милициянын атайын бөлүмүнүн кызматкерлери элди киргизбей тосуп калышты. Милиция менен элдин ортосунда тебеленген адамдар болду.

Нарын облусунун губернатору Шамшыбек Медетбеков тебелендиге калган эл болбогондугун жана кырдаалды жөнгө салуу аракети көрүлүп жаткандыгын билдирди:

-Эч ким тебеленген жок. Жергиликтүү эле милиция кызматкерлери тосуп калышты. Азыр мыйзамды бузбагыла, мамлекеттик имаратты күч менен тартып алууга эч кимдин укугу жок жана ал мыйзамды одоно бузуу болот деп митингге катышып жаткан элдин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Аны туура түшүнүп жатышат .

Анткен менен митингге чогулган атуулдар Кадырбековдун талапкерлигин кайра калыбына келтирүү талабынан кайтпайбыз дешип, Бишкекке чейин жөө жүрүшкө чыга тургандыктарын жарыя кылышты:

-Мен Абдраев Төлөбай, Ташдөбө айылынан. Кайра шайлоо болгон күндө дагы биз аны болтурбайбыз. Бизди дагы токтотуп жатышат, болбосо Бишкекке чейин жөө бармакбыз. Эл менен басып барбасак болбой калды…

Мен тээтиги Атбашы районунун Пограничник айылынан келдим. Дүйшөнбек Өмүр уулу. Атбашыдан азыр 600дөн ашыгыраак адам келди, жолдо дагы келатышат. Бизде шайлоо адилет өткөн жок. Мыйзам бузуулар көп болуп, сатып алуулар болуп, акча, арак берилди. Эл ошонун баарын түшүнүп, жалпы шайлоого катышпайбыз деп жатышат. Баарыбыз каршы болобуз.
XS
SM
MD
LG