Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:05

С.ИМАНБАЕВ: «ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООНУ МӨӨНӨТҮНӨН МУРДА ӨТКӨРҮҮГӨ НЕГИЗ ЖОК»


10-мартта Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев маалымат жыйынында парламенттик шайлоонун экинчи айлампасына даярдык жакшы экендигин кабарлады. Төрага ошондой эле шайлоодон кийин жер-жерлерде пайда болгон митинг, пикет жана жүрүштөрдө айтылган талаптар шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүгө негиз боло албасын айтты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаевдин билдирүүсү боюнча 13-мартта өлкөдөгү 42 округда шайлоонун экинчи айлампасы болот. Анда 1 миллион 560 миң шайлоочу добуш берет. Азыр бардык шайлоо участкаларына бюллетендер жеткирилип, мурда тизмеге кирбей калган шайлоочулардын кошумча тизмеси такталды. Шайлоонун биринчи айлампасында карама-каршылыкты пайда кылган баш бармакка белги коюучу боектун сапатын аныктоо үчүн добуш берүүгө чейин боекту экспертизадан өткөрүүгө бардык шайлоо участкалары милдеттендирилди. Добуш берүүгө болсо саясий партиялардын, эларалык, жергиликтүү уюмдардын байкоочулары жана ар бир талапкердин экиден байкоочусу көз салат.

Ал эми биринчи турда шайлоо өткөн жок деп табылган №34 Кочкор жана 9-мартта эки талапкердин бири жарыштан чыккан №33 Нарын шайлоо округдарында 13-мартта шайлоо болбойт. №33 Нарын округдук комиссиясы көп добуш алып, үчүнчү орунга чыккан талапкерди кошуп, добуш берүүчү күндү жакында белгилейт. Ал эми №34 Кочкор шайлоо округу боюнча талапкер Турдакун Усубалиевдин арызы сотто карала тургандыгына байланыштуу шайлоо качан болору азырынча белгисиз. БШК төрагасы Сулайман Иманбаевдин айтымында, соттун чечими менен жарыштан чыккан мурдагы талапкерлердин шайлоого катышуу укугу да соттун чечимине байланыштуу чечилет:

- Кочкордо Жапаров, Болотбеков жана Байтереков да шайлоого катышууга укугу бар. Эгерде кимдир бирөө Жапаров, Болотбеков, Байтерековдун күнөөсү менен биринчи турдагы шайлоо болбой калган деп сотко арыз берсе, анан сот «ошолордун күнөөсү менен шайлоо болбой калган жана алардын жаңы шайлоого катышууга акысы жок» деген чечим чыгармайынча алар шайлоого катышууга укуктуу.

Ал эми Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары 10-мартта көчөдө өткөргөн парламенттик угууда:

-Урматтуу мекендештер, бүгүн өлкөдө коркунучтуу кырдаал түзүлдү. Президент Акаев шайлоону пайдаланып, үй-бүлөсү жана туугандарынан турган парламент түзүүгө далалаттанууда. Ошон үчүн шайлоочуларды сатып алуу, административдик каражатты пайдалануу кеңири жүрдү. Буга жол берген президент мындан ары кызматта калууга укугу жок. Биз 2005-жылдын июль айында президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүнү белгилөөнү, азыркы парламенттин иш мөөнөтүн ноябрь айына чейин узартууну талап кылабыз. ,- деген мазмундагы кайрылуу кабыл алышып, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, Борбордук Шайлоо комиссиясын таратууну талап кылышты.

БШК төрагасы Сулайман Иманбаев угууда кабыл алынган кайрылууну көрө электигин белгилеп, көчөдө өткөн жыйындарда кабыл алынган документтер ырасмий түрдө таанылбасын жана ал парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүгө негиз боло албасын билдирди:

- Ага эч кандай негиз жок. Шайлоо көпчүлүк байкоочулардын, анын ичинде өзүбүздүн өлкөбүздөгү шайлоого катышкан байкоочулардын, коомдук, өкмөттүк эмес уюмдардын, ошондой эле КМШ, ЕККУ жана башка эларалык байкоочулардын билдирүүлөрүнө караганда бул шайлоо баштагы шайлоолорго караганда ачык, айкын болду. Өзгөчө добуш берүүнү уюштуруу, анын жыйынтыгын чыгаруу так, туура өткөрүлдү. Алардын жалпы койгон талаптары бизге жеткен жок, токтомун жиберишкен жок жана алардын талаптары бизге белгисиз. Эгер так далилдер, туура көрсөтүлгөн фактылар менен кайрылышса тиешелүү түрдө жооп берербиз…

XS
SM
MD
LG