Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:26

“АЗАТТЫК” РАДИОСУ АУКЦИОН БОЛМОЮН УКТУРУЛБАЙТ


Чолпон Орозобекова, Бишкек «Азаттык» радиосы уктурулуп келген толкунду ижарага берүү боюнча аукцион өткөн жок. 10-мартка белгиленген аукционго эки гана компания катышмак, бирок анын бири аукционго келген жок. Эми кайрадан аукцион өткөрөбүз деп жатышат.

«Азаттык» чыгып жүргөн толкун аукционго коюлбай калды. Анткени бул аукционго катышуусун ырасмий тастыктаган эки ишкананын бири ага келген жок.
Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик мекеменин жетекчиси Кубанычбек Бегалиевдин пикиринде, аукционго кызыккандар көп болду, бирок аларды күрөөгө коюлчу беш пайыздык сумма чочутушу ыктымал. Аукционго катышууну каалаган тарап 14 миң доллар төгүшү керек, кокус утпай калса ал акчасы мамлекеттин колунда калып, күйүп кетмек. Аукциондо соодалашуунун баштапкы суммасы 280 миң доллар болчу.
Кубанычбек Бегалиев бул аукциондон чындап эле катуу таймашты күтүшкөнүн жашырган жок. Ал тамаша- чынга салып бул ауционго бир ай бою даярданганын айтты:
- Мен кинодо көрсөткөндөй, «ким, кана, ким көбүрөөк берет» деп, «аа сатылды» деп кинодогудай укмуш болот го деп күтүп аткам да. Бир айдан бери күзгүнүн алдында машыгып аткам.
Аукционго катышмак болгон эки ишкана кайсылар экени жашыруун сыр деп Бегалиев мырза аны айтуудан баш тартты. Бирок арасында чет өлкөлүктөр бар экенин ырастады. «Кокус эмки аукцион да кандайдыр бир себептер менен дагы болбой калса эмне болот» деген суроого мындайча жооп берди:
- Анда араалайм жабдуулардын баарын, анан түстүү жана кара металл катары өткөрүп таштайм. Анда деген коло, коргошун жана жез бар. Баса күмүш да бар. Ооба, байыйм.
Кыргыз коомчулугунда мындай өндүрүштүк маселелердин артында саясат жатат деген пикирлер арбын айтылууда. «Республика» гезитинин баш редактору Замира Сыдыкова аукцион жөн гана алаксытыш үчүн шылтоо дейт:
- Аукционго чындап эле кимдир-бирөө катышып атабы же жокпу белгисиз. Менимче, аукцион жөн гана шылтоо. Азыр өлкөдөгү саясий кыдаалга байланыштуу бул радиону бийлик атайын эле токтотуп турат. 2-3 айдан кийин кырдаал бир аз оңолсо, анда аукцион ишке ашпай калды, эми кайра чыга бергиле деп койот болуш керек.
Ал эми Бегалиев мырзанын айтымында, аукцион өтмөйүнчө «Азаттык» радиосу уктурулбайт. Бул бүтүмүн ал Чет элдик уктуруулар бюросу (АКШ) менен тиешелүү келишимдердин жоктугу менен түшүндүрдү. Ал эми эмки аукциондун качаан болоору азырынча белгисиз:
- Экинчи аукционго кеңири маалымат менен баралы деп жатабыз. Бу жолу республикалык пресса гана эмес, эларалык деңгээлге чыгып да көрөбүз.
Бегалиев журналисттерге “Азаттык» радиосунун аукционго катышууга укугу бар экендигин эскертип, бул жолку аукционго болсо Чет элдик уктуруулар бюросу (АКШ) катышуу ниетин билдирген менен ырасмий кайрылбаганын ырастады. Бегалиевдн айтымында, эмки аукциондо баштапкы баа 280 миң доллардан бир аз ылдыйлашы ыктымал же күрөөгө коюлчу каражат ээсине кайтарылгыдай норма киргизилиши мүмкүн.
«Азаттык» радиосу мамлекеттик өндүрүштүк бирикме менен болгон келишимдин негизинде орто толкунда Чүй өрөөнүнө жана ультра-кыска толкун аркылуу бүтүндөй республикага уктурулуп келген. Учурда Бишкек, Ош жана Нарын шаарларында «Азаттык» радиосун «Алмаз» радиосу аркылуу FM 102.1 жыштыгында, ал эми дүйнө жүзү боюнча кыска толкун жана интернет аркылуу угуп жатышат.
XS
SM
MD
LG