Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:50

Баткен обласынын айрым айылдарынын тургундары нааразылык иш чара өткөрүштү


БАТКЕН. Бул топ адегенде райондук акимчиликтин имаратына келишип, акимдин чыгып жолугуусун талап кылышты. Район акими Алияр Имаров чыккан соң, алар бийлик өкүлдөрү шайлоого аралашып, бир жактуу үгүт иштерин жүргүзүп, элди уруу-урукка бөлүп жатышканын айтышып, шайлоо таза өтсүн, бийлик аралашпасын, шайлоочулардын укугу тебеленбесин деген талаптарын коюшту. Ошондой эле райондун башчысынан облус губернатору менен жолуктурууну талап кылышты. Ушул жерден эле кете бербейсиңерби деген өтүнүчүнө көнбөгөн соң, аким алардын талабын аткарууга аргасыз болду. Облустук бийлик имаратынын алдында губернатор Баратали Кошматов даттанып келген эл менен жолугушуп, алардын жогорудагыдай суроо-талаптарын уккан соң, «биздин дагы максатыбыз шайлоону таза өткөрүү, максатыбыз бир экен, бийлик шайлоого кийлишпейт», деген пикирин айтты. Ошондой эле шайлоонун таза өтүүсү үчүн бардык шарттар түзүлүп жатканын билдирип, шайлоонун калыс өтөөрүнө ишендирди. Кыска убакытка созулган мындай сүйлөшүүдөн соң аталган айылдардын тургундары кайра тарап кетишти.

XS
SM
MD
LG