Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:02

Депутат Хакимов Өзбекстандын жараны экени толук аныктала элек


БИШКЕК. Сузак райондук соту 27-февралдагы шайлоодо жеңип чыккан депутат Абдумуталип Хакимовду депутаттык укугунан ажыраткан чечим кабыл алды деп билдирди Сузактын тургуну Калматова Бурганай. Анын айтымында, бул чечимге байланыштуу кечке жуук Хакимовдун тарапкерлери сот имаратынын алдында жана ичинде сотко каршы нааразылык чараларын уюштурушту. Бул маалыматка байланыштуу райондук сот жана округдук шайлоо комиссиясынын пикирин угуу 10-мартта мүмкүн болгон жок. Ал эми ушул эле күнү түштөн кийин уюштурулган маалымат жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Туйгуналы Абдраимов Хакимовго байланышкан маселени райондук сот карап жаткандыгын билдирген. Соттун бул маселени карашына Базаркоргон-Сузак округдары боюнча талапкер болгон Замирбек Мураталиевдин арызы негиз берген. Мындай арызды Мураталиев Борбордук шайлоо комиссиясына да жолдогон. Арызга Хакимов Өзбекстандын жараны экендиги тууралуу документтер кошо тиркелген. Бирок Абдраимовдун билдиргенине караганда, Жогорку сот акыркы бүтүм чыгарганга чейин БШК маселени карай албайт.

XS
SM
MD
LG