Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:35

Парламенттик талкуу ачык асман алдында өткөрүлдү


БИШКЕК. Ачык асман алдында өткөрүлгөн жыйындын катышуучулары парламенттик шайлоо олуттуу мыйзам бузуулар менен коштолгондугун айтышып, өлкөдөгү кырдаал күндөн-күнгө курчуп жаткандыгын белгилешти. Депутат Николай Байло парламенттик шайлоонун биринчи турун шайлоо эмес эле аткаруу бийлиги тарабынан жүргүзүлгөн добуштарды сатуу жана сатып алуу иш чарасы деп баалады. Ал эми Ысыккөл обласынан депутаттыкка ат салышкан Ишенбай Молдоташев бийлик колдогон талапкерлер шайлоочуларга бир ай бою арак берип, мас кылгандыгын, шайлоо алдында орус улутундагылардын добушу 500 сом, кыргыздардын добушу 100 баалангандыгын маалымдады. Ал эми Алымбай Султанов болсо өлкөдөгү бардык маалымат каражаттары, кирешелүү тармактар мамлекет башчы Аскар Акаевдин үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан менчиктештирилгендигин жана жаңыдан шайланган парламент да үй-бүлөлүк парламент болот деген оюн ортого салды. Жыйында сөз сүйлөгөн депутаттардын бары тең Аскар Акаевдин жетекчилигиндеги аткаруу бийлиги өлкөнү башкара албай калгандыгын айтышып, адегенде президентти кызматтан кетирип, андан соң президенттик жана параламенттик шайлоо өткөрүүнү сунушташты.

XS
SM
MD
LG